www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги айтымчы Элмира Сатыбалды кызын кепке тартып, айрым инсандарга төлгө тарттырып көрдүк.
-Темир Сариев баштагы кадыр-баркын, урмат-сыйга бөлөнүп, элдин колдоосуна ээ болуп турган мезгилин кайтарып алгысы келип, шайлоого катышууну максат кылыптыр. Тилекке каршы, анын программасын, ал айткан сунуштарды “Ата Мекен” да, “Бүтүн Кыргызстан” да кабыл албаган. Элдер айткандай ал жогору жак менен маселесин чечип алганы үчүн эки партиядан тең кетпеген. Сунушу кабыл алынбагандан кийин өзүн керексиз сезип, партиялардан кетүү чечимин кабыл алган деген аян түштү. Азыр санаркап, ой басып турат. Эмнегедир бийликтен да сестенип турат. Бир кезде топтолгон эл, ак ат мингизип, ак чепкен кийгизип, колуна камчы карматып, бата беришиптир. Азыркы аянда болсо аты да качып, камчысы колунан түшүп, жалгыз калып, дөөлөтү кеткен Сариевди көрсөтүп жатат. Ошон үчүн мурункудай коштоп, артынан ээрчигендер азайып, чакан эле топ менен иштеп калгандай. Сөзүнө туруп, берген убадаларын аткарбаганы үчүн ушундай абалга кептелди. Саясатта жылдызы жанбаганы менен Сариевдин мындан ары бир жактуу бизнесте иш кылаарын жана анда-мында эл чогулган жерде көрүнөөрүн көрсөтүп жатат.
Кумара Сагынбаева, NazarNews.kg