www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев Бишкек шаарынын Октябрь РИИБсине суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Facebook социалдык баракчасына жазды.

“КРнын Кылмыш кодексинин 186-беренеси (жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу) боюнча суракка чакырылдым. Facebook социалдык тармагындагы баракчамдагы билдирүү үчүн үстүбүздөгү жылдын май айында Абдрахманов аттуу жаран мага каршы арыз жазганын айтышты. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Жай мезгили бою унчукпай отурушуп, эми шайлоонун убагында суракка алууну чечишти.  Мен муну тараптардын бирин каттоодон баш тартууга каршы позициям менен байланыштыргым келбейт, бирок … Мурдагы күнү менин электрондук почтам бузулуп, ошол эле партияны каттоо боюнча чечимдин долбоору ошол жерден жоголуп кеткен. Ал эми 2-4-сентябрь күндөрү мени сүрөткө тартып, коштоп жүргөндү байкадым. Кокустуктар өтө эле көп болуп жатабы?” – деп жазган Кайрат Осмоналиев.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости