www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мерседес-Бенц” унаасынын 23 жаштагы айдоочусу 30 жаштагы аялдын моюнуна бычак такап, коркуткан. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы жеке булактар билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-августта Ново-Покровка айылынын 30 жаштагы тургуну Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анын айтымында, белгисиз айдоочу ага физикалык күч колдонуп коркутуп, моюнуна бычак такаган.

Кийин маалым болгондой, аял айдоочуга унаа айдоо боюнча нааразычылыгын билдирип, эскертүү берген. Себеби ал катуу ылдамдыкта айылдын жолунда өтүп бара жатып, чаң көтөрүп, аны сүзүп кете жаздаган.

Андан соң, “Мерседес-Бенц” унаасынын айдоочусу токтоп, алардын ортосунда кайым айтышуу болуп, андан кийин жигит аялдын моюнуна бычак такап, аны сайып салам деп коркуткан.

Бул окуяга шектүү делген жаран кармалды. Ал жаран ушул эле айылдын 1997-жылы туулган тургуну болуп чыкты. Азыркы учурда тергөө иштери уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости