www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан Республикасынын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги Кыргызстан менен аба каттамын калыбына келтирүүнү сунуштады. Бул тууралуу казакстандык ММКлар жазып чыкты.
“Россия менен кырдаал дагы деле болсо белгисиз, анткени Россия Казакстанга учуп келген рейстерди кошпогондо, бардык каттамдарды жаап салган. Кыргызстанга байланыштуу Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги аба каттамын жандандыруу сунушун киргизди. Бул маселе Ведомстволор аралык комиссияда чечилет” – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, ММКлар Кыргызстан жарандары республикага кире ала турган өлкөлөрдүн катарына Казакстанды киргизген деп жазышкан, бирок туристтердин Кыргызстанга эс алуусуна уруксат берүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын чечими жок. Кыргызстанга чет өлкөлүктөрдүн чектелген категориялары гана киргизилет (дарылануу максатында келген кыргыз жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү ж.б.), туристтер бул тизмеге кирбейт.
Азыркы тапта Кыргызстан Түркия жана БАЭ менен аба каттамы жанданткан. Өзбекстан менен аба каттамы 14-сентябрдан тарта жанданат.
Булак: NazarNews.kg