www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венгриянын баш калаасы Будапешт шаарынын скверине улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилип, салтанатка президент Сооронбай Жээнбеков катышат. Бул тууралуу мамлекет башчы "Биринчи радиого" берген кезектеги маегинде айтты.

Президент Венгрия өлкөсүнө жасалуучу иш сапар, эки мамлекеттин ортосундагы алака тууралуу суроого жооп берип жатып бир нече учурду белгилеген.

"Мен расмий сапарымдын алкагында Түрк кеңешинин Будапешттеги өкүлчүлүгүнө барам. Будапешт шаарынын скверине биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу иш-чарасы болот. Иш сапарым соода-экономикалык гана эмес, маданий тармакты да камтыйт", — деген Жээнбеков.

Жээнбеков иш сапар кыргыз-венгер кызматташтыгын жакшы деңгээлге көтөрүп, өлкөлөр байланышын күчөтөрүн белгилейт. Анда биргелешкен өнүгүү фондусун түзүү боюнча сөз болот.

"Кыргыз-венгер өнүгүү фондусун түзүү боюнча ниетибиз бар. Ал фондго жүгүртүүчү капитал катары Венгрия "Эксимбанкы" буюрса, 50 миллион евро бөлгөнү турат. Бул фонддун катышуусу менен биргелешкен ишканаларды түзөбүз, аталган фонд кичи жана орто бизнеске төмөн пайыздык насыялар менен жардам көрсөтө баштайт.

Бул дагы абдан жакшы жетишкендик болот. Бул эми Кыргыз-Орус өнүгүү фондундай эле, келечекте ошондой фондго айлантканга аракет кылып жатабыз", — деди Жээнбеков.

Эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу менен бизнес-форум өткөрүү пландаштырылууда. Кыргызстандык ишкерлер Венгриянын рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланат.

Президент Жээнбековдун Венгрияга иш сапар жазында пландалып, коронавирус пандемиясынан улам жылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости