Өлкөгө дагы медициналык тез жардам унаалары алынып келет
Расмий кабарлар  |   |  1461

Ушул жылдын аягына чейин Кыргызстанга медициналык тез жардам кызматынын унаалары алынып келет. Бул маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев «Биринчи радионун» эфиринде айтты.

COVID-19 вирусуна байланышкан долбоор боюнча 13 даана тез жардам унаасы, 54 санитардык транспорт алынса, Ислам өнүктүрүү банкынан 10 унаа, «Коопсуз шаар» долбоору менен 37 автоунаа алынып келет. Бул унаалар муктаждыктарга жараша өлкөнүн аймактарына бөлүнөт.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями