www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламентке беш-алты партиянын келишин каалайт элем. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков КТРКнын "Биринчи радиосуна" берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчы ар бир партияда мамлекетчил позициясы күчтүү уул-кыздар бар экенин белгиледи.

"Парламенттин табияты ошондой. Сындашат, айрымдары популисттикке алдырышат. Бирок мамлекет үчүн, эл үчүн маанилүү маселе жаралганда баары биригет, мамлекетчил позициясын көрсөтөт. Буюрса, келе турган парламентте деле ошондой болот деп ишенем. Анткени баары эле өзүбүздүн уул-кыздарыбыз да. Талаша турган эч нерсе жок. Бирок парламентке 5-6 партиянын келишин каалайт элем. Себеби бул өлкө үчүн, туруктуулук үчүн керек", — деди Жээнбеков.

Ошондой эле ал парламентке канчалык көп партия келсе, өлкө үчүн ошончолук утуш болорун белгилеп, тогуз пайыз эмес, жети пайыздык шайлоо босогосун колдогонунун негизги себеби да ушул болгонун айтты.

Соңунда президент эл кандай добуш берсе ошондой жыйынтык болорун кошумчалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости