www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилде кайрадан 2 жумалык карантин башталды

Израилдин аймагында 25-сентябрдан тарта 2 жумалык катуу карантин башталды. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул чара жарандардын өмүрүн сактап калууга багытталганын айткан.

Маалыматка караганда, 2 жумадан кийин дагы 2 жумалык карантин уланат. Бирок анда чаралар мынчалык катуу болбойт деп божомолдоп жатышат.

Белгилей кетсек, Израиль дүйнөдө биринчилерден болуп кайрадан карантин жарыялаган өлкө болду. Бийлик абал оорлоп кетсе саламаттыкты сактоо тармагы кырдаалды жөнгө сала албай калышы мүмкүн деген коркунучтан улам ушундай кадамга барган. Ал эми биринчи жолку карантин марттан май айына чейин созулган болчу. Бул өлкөдө сентябрь айынан баштап коронавирус жуктурган жаңы бейтаптардын саны өсүп жатат.

Кошумчалай кетсек, Израилде жалпы 218 миң адамга коронавирус жуккан. Алардын ичинен 1554 миң адам айыкты. Оорунун кесепетинен 1,4 миң бейтап көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости