www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венгриянын борбор калаасы — Будапешт шаарындагы сейил бактардын бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Сейил бакка кыргыз жазуучусунун ысымын ыйгаруу аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле иш-чарага Будапешт шаарынын мэри Гергей Карачонь катышты. Өз сөзүндө ал Чыңгыз Айтматовдун таланты жана чыгармачылыгына суктануусу менен бөлүштү.

Ал Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын унутуу бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун маданияты үчүн орду толгус жоготуу болмоктугун белгиледи.

Гергей Карачонь венгер окурмандарынын кеңири  сүймөнчүгүнө ээ болгон улуу жазуучунун талантын даңазалаган жай эми Будапештте бар экендигин канааттануу менен белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Европанын эң кооз шаарларынын бириндеги сейил бакка Чыңгыз Айтматовдун ысмын ыйгаруу кубанычтуу жана маанилүү окуя экендигин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Чыңгыз Айтматов дүйнөгө белгилүү жазуучу, таланттуу публицист, дипломат, гуманист, философ, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер болгонун белгиледи.

«Анын чыгармалары — алыскы кыргыз айылынан тартып, глобалдык көйгөйлөргө жана планетардык масштабдагы актуалдуу идеяларга чейин ар кыл маселелерди камтыйт. Ал өмүр бою дүйнө жүзүндөгү тынчтыктын жана эл аралык кызматташтыктын идеяларын коргоп келген. Биз, кыргыздар, уникалдуу „Манас“ эпосубуз менен биргеликте Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу дүйнөлүк маданиятка өз салымыбызды коштук», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ал тынчтык идеяларын Ысык-Көл форумун уюштуруу аркылуу да жайылтканын, ага дүйнөлүк саясаттын жүрүшүнө таасир эткен көптөгөн белгилүү инсандар катышканын кошумчалады.

Президент дагы бир жолу жеке өзүнүн жана Кыргызстан элинин атынан бул сейил бакка улуу жазуучунун ысымын ыйгаргандыгы үчүн венгер элине ыраазычылык билдирип, бул Венгрияда Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине болгон урматтоонун дагы бир белгиси экенин кошумчалады.

«Мен Венгрияда Чыңгыз Айтматовдун ысымын, анын чыгармачылыгын жана талантын терең урматташкандыгына күбө болдум. Мен кайда гана барбайын, сүйлөшүүлөрдө биздин Айтматовду ар дайым сый-урмат менен эскеришет», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ушул күнгө чейин Чынгыз Айтматовдун элүүгө жакын чыгармасы венгер тилине которулганын жана учурунда ал Венгриянын мамлекеттик жогорку ордени — Офицердик крест менен сыйланганын белгиледи.

ЮНЕСКОнун маалыматына ылайык, Чынгыз Айтматов дүйнөдөгү эң көп окулган жазуучулардын бири болгонун өзгөчө баса белгиледи.

«Сиздин колдооңуз менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жана анын улуу руханий мурасы Венгрияда мындан да кеңири жайылат деп үмүттөнөм», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы жана Будапешт шаарынын мэри Гергей Карачонь Чынгыз Айтматов атындагы сейил бакка дарактарды отургузушту.

Ушул эле жерден Президент Сооронбай Жээнбеков Венгриянын жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер менен кыскача баарлашты. Ал иш сапарынын жыйынтыктары, анын ичинде Кыргызстандан келген студенттер үчүн билим алуу квоталарын көбөйтүү тууралуу макулдашуу жана Бишкек менен Будапешттин ортосунда түз аба каттамдарын ачуу пландары жөнүндө айтып берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости