www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сталиндик репрессия маалында атылгандар көмүлгөн жерди айтып чыккан Бүбүйра Кыдыралиева 94 жашка толду.

Аны туулган күнү менен "Бир дүйнө Кыргызстан" коомдук уюму, Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктарынын 10 томдук «Эскерүү китебинин» автору Болот Абдрахманов куттукташты.

Эске сала кетсек, Бишкектин чет жагында атып өлтүрүлгөн репрессия курмандыктарынын сөөгү жаткан жерди Бүбүйра Кыдыралиева 1990-жылы ачыкка чыгарган. Ага бул жашыруун маалыматты өз кезегинде НКВДнын дачасында кароолчу болуп иштеген атасы Абыкан Кыдыралиев 1973-жылы айтып берген. Бирок совет доору болгондуктан, Бүбүйра Кыдыралиева укканын ачык жарыялоого батынган эмес.

"Эл душманы" жарлыгы тагылып, 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган 137 интеллигенция өкүлү болгон. Маркумдардын сөөгү 1991-жылы 30-августта жаңы негизделген "Ата Бейит" көрүстөнүнө арууланып кайра коюлган. Эртеси күнү Жогорку Кеңеш Кыргызстандын мамлекеттик көз каранды эместигин жарыялаган.

Белгилей кетсек, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Б.Кыдыралиевага "ардактуу профессор" наамын ыйгарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости