www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финансы министрлиги башкы мамлекеттик органдардын бир жылдык чыгымы тууралуу маалымат берди. Анда 2019-жылдагы чыгымдар көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңешке былтыр 765 миллион сом берилип, ал төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн:

1. Аппарат — 606,53 миллион сом;

2. Иш башкармалыгы — 73,77 миллион сом;

3. Гараж — 48,1 миллион сом;

4. Резервдер фонду — 34,5 миллион сом.

КМШ мамлекеттеринин Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы — 2,09 миллион сом.

Президенттик аппаратка 151,48 миллион сом берилип, төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн:

1. Аппарат — 113,77 миллион сом;

2. КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы — 1,2 миллион сом;

3. Аппараттын жалпы чарбалык иштери — 2,19 миллион сом;

4. Президенттин резервдер фонду — 34,3 миллион сом.

Өкмөттүн аппаратына 207,59 миллион сом берилип, төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн:

1. Аппарат — 172,48 миллион сом;

2. Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо иштерине — 2,61 миллион сом;

3. Резервдер фонду — 32, 49 миллион сом.

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына 641,64 миллион сом берилип, төмөндөгүдөй бөлүндү:

1. Президенттин иш башкармалыгы — 496,78 миллион сом;

2. "Автотранспорт" мамлекеттик ишканасы, Мамлекеттик компьютердик байланыштар — 93,45 миллион сом;

3. "Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы" мамлекеттик ишканасы — 12,22 миллион сом;

4. "Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы" мамлекеттик ишканасы — 39,19 миллион сом.

Мамлекеттик маанидеги чыгымдар:

1. Экс-президенттер — 828,6 миң сом;

2. Мамлекеттик сыйлыктар — 8,11 миллион сом;

3. Саммиттерге — 472,12 миллион сом.

Натыйжада чыгымдардын жалпы суммасы 1 миллиард 481,78 миллион сомду түздү. Финансы министрлиги жогоруда белгиленген чыгымдардын баары маяна төлөөгө эмес, чарбалык иштерге да жумшалганын белгилейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости