www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-ноябрь, - маданият кызматкерлеринин майрамы

Кыргызстанда 2-ноябрь - Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары 1995-жылдан бери белгиленип келет. Бул дата мындан дээрлик 1 кылымга жакын убакыт мурун, Кыргыз драматургиясында алгачкы пьесанын коюлушуна байланыштуу тандалып алынган.

Анда, 1926-жылы 2-ноябрда драматург Молдогазы Токобаевдин "Кайгылуу Какей" пьесасынын коюлган. Улуттук статистика комитетинин маалыматы таянсак, учурда өлкө аймагында 20 театр иштейт. Жалпы маданият тармагында 12 миңдей адам эмгектенет. Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары тармак өтө кыйын абалга кептелип, соңку жылдары гана оңоло баштаганы айтылып келет.

Мамлекеттик маданий мекемелерде иштегендер өлкөдө эң аз айлык алган кызматкерлердин катарында. Аталган тармактын башкы миссиясы - адамдагы Рухий байлыкты калыптандыруу. Азыр ааламда бакубаттуубуз деген өлкөлөрдүн дээрлик бардыгы улуттук баалуулуктарын эң алдынкы планга коюп, маданият маселеси айрыкча азыркыдай ааламдаштыруу доорунда ошол бир мамлекеттин улуттук идеологиясынын башкы рычагдарынын бирден-бири катары саналганында.

Бизде, айрыкча Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары тармак өтө кыйын абалга кептелген. Азыр деле “жаңы реформанын” шарданы деп бир бир чокойго төрт бутту тыгып салгандай спортун да, маалыматын, туризимин жана жаштар саясатын кошуп туруп маданияттын жонуна жүктөп коюшту. Ошондой эле, Мамлекеттик маданий мекемелерде иштегендер өлкөдө эң аз айлык алган кызматкерлердин катарына кирет...

Айтмакчы, бүгүн Сатылганов Токтогул атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында маданият кызматкерлеринин күнү белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости