www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-июлда Түркиянын Стамбул шаарындагы Айя-София мечит болуп өзгөртүлгөндөн кийин алгачкы жолу жума намазы окулат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 86 жылдан кийин Айя-София мечитинде алгачкы ирет жума намазы окулат.

"Пандемияга байланыштуу чектелүү адамдардын катышуусунда жума намазы окулмакчы. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын намазга катышуусу күтүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Стамбулдун так ортосунда жайгашкан Ая-София музейи Грециянын мурунку Грек патриархалдык православ чиркөөсү болгон, кийин Осмон империясын тушунда мечитке айландырылса, 1934-жылы Мустафа Кемал Ататүрктүн тушунда ал кайра музейге айландырылган. Музей 1985-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Жакында эле, тагыраагы, 10-июлда президент Режеп Тайип Эрдоган бул чечимди жокко чыгарып, кайра мечитке айландыруу боюнча жарлыкка кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости