www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Караганда облусунун жашоочулары бала уурдоого шектелген адамды өз алдынча жазалоого аракет жасашып, ызы-чуу салышты. Бул тууралуу «Tengrinews.kz» басылмасы жазды.
Казак басылмасынын айтымында, дайынсыз жоголгон 5 жаштагы кызды жакындары жана жергиликтүү тургундар издеп, батирлердин биринен табышкан. Ал батирде эрекек адам да бар экени белгилүү болуп, кыз эмне үчүн ошол жерде кармалып турганынын себеби аныктала элек.
Беш жаштагы кыз табылгандан кийин ооруканага жеткирилген. Ал эми шектүү жашаган үйдүн подъездине жергиликтүү жашоочулар чогулуп, бир нече жолу батирге кирип, аны жазалоого аракет кылышкан. Алар бир нече унааны өрттөп салышкан. Көп кабаттуу үйдө жашаган башка тургундардын да тынчын алышкан.
Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургумбаев бул окуя боюнча ыкчам брифинг өткөрө турганы маалымдалды.
Булак: NazarNews.kg