www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн ЭЛТР телеканалынын кызматкерлери иш таштайт

Бүгүн 2020-жылдын 26-октябрында кечки саат 18:00 дөн баштап, “ЭлТР” МТРКсынын толук жамааты иш таштоого аргасыз болдук. Бул тууралуу аталган телеканалдын журналистти Бакыт Сакыбаев билдирди.

“16-октябрда “ЭлТР” МТРКсына башкы директор болуп дайындалып келген Шаиста Шатманованы телеканалдын жамааты кабыл алган жок. Өкмөттөн келген өкүл Бактыбек Ырсалиевдин алдында жамаатка алынып кетүү үчүн 3 (үч) күн убакыт сураган. Бирок, андан бери 10 (он) күн убакыт өттү. Жамааттын “кетсин” деген талабын Шаиста Шатманова тоготкон жок. Биз андан бери нааразычылык кылып, бир нече маданияттуу акцияларды өткөргөнүбүздөн майнап чыкпай жатат. Бүгүн 2020-жылдын 26-октябрында кечки саат 18:00 дөн баштап, “ЭлТР” МТРКсынын толук жамааты иш таштоого аргасыз болдук.

Биздин бул иш таштоо кадамыбыздан майнап чыкпай турган болсо, Профсоюздун демилгеси менен жалпы жамаат Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун “ЭлТР” МТРКсына жаңы дайындаган Шаиста Шатмановага чыккан буйругун жокко чыгаруу үчүн Жогорку Соттун Конституциялык Палатасына арыз менен кайрылууга аргасыз болобуз”,-деп билдирди Сакыбаев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости