www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көк-бөрү жылдызы Манас Ниязов

Көк бөрү спортунун чебери Манас Ниязов жаңы келишим менен Кыргызстандын биринчи лигасындагы “Ала-Тоо” командасына өттү.

Спортчу 3-ноябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтө турган “Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу — 2020” мелдешине “Ала-Тоо” командасынын курамындагы оюнчу катары кирген. 

Федерациянын башкы катчысы “Достуктун” капитаны Таши Майлибашев да “Ала-Тоо” командасына өткөнүн кошумчалады.

Команда менен Манас Ниязовдун ортосундагы келишимдин мөөнөтү, төлөнүүчү каражат тууралуу маалыматтар азырынча айтыла элек.

Көкбөрүчү өзү бул маалыматты тастыктай элек, бирок буга чейин башка командага өтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан болчу.

Манас Ниязов көп жылдар бою Оштун “Достук” командасында ойноп, бир нече жолу Президенттин кубогу мелдешин уткан.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Жөнөдүк! Жаңы сезонго жаңы тарых менен!

Публикация от Манас Ниязов (@niyazov_manas)

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости