www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө боюнча өткөн суткада коронавирустан 246 бейтап айыкса, 78 кишиден вирус табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Бир сутка ичинде COVID-19дан сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек шаары – 137;
  • Ош шаары – 8;
  • Чүй облусу – 7;
  • Ош облусу – 11;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 25;
  • Жалал-Абад облусу – 31;
  • Баткен облусу – 19.

Бир сутка ичинде коронавирус жуктурган жаңы учурлар:

  • Бишкек шаары – 23;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 10;
  • Ош облусу – 3;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 11;
  • Жалал-Абад облусу – 13;
  • Баткен облусу – 12.

Бактыга жараша, өлүм катталган жок. Кыргызстанда вирус жалпы 1 060 адамдын өмүрүн алган.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус 44 036 адамдан табылса, анын 38 895и ооруну жеңди.

Дагы бир жакшы кабар, медиктер арасында вирус жугузуп алгандар катталган жок. Ошол эле учурда 13 медицина кызматкеринин илдеттен айыкканы маалым болду.

Азыркы тапта коронавирус жуктурган 670 бейтап стационарларда, 4 799 адам үйүнөн дарыланып жатат.

 

Последние новости