www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ибраим Нуракун уулу:

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу "Жогорку Кеңеш 10 минут эле Гимн ырдап кайра эс алууга кетти"-деген маалыматга түшүндүрмө берди.

"Кечээ айрым сайттар Жогорку Кеңеш 10 минут эле Гимн ырдап кайра эс алууга кетти деп жазышты. Бул туура эмес маалымат. ЖКнын регламенти боюнча быйыл шайлоо жылы эле эмес, жыл сайын ушундай. 1-сентябрда сессия расмий түрдө ачылат. Колду жүрөккө коюп, Гимн ырдашат - башкача айтканда, сессиялык жылдын расмий ачылышы. Андан соң депутаттар комитеттерде иштейт. Бүгүн Бюджет жана финансы комитети бир катар мыйзам долбоорлорун талкуулап, эртең палатанын кароосуна алып чыгышы күтүлүп жатат. Бирок, 4-сентябрда шайлоо өнөктүгү башталган соң бардык партияларга бирдей шарттар түзүлүшү керек деген эрежеге ылайык, депутаттар өнөктүк учурунда алдыдагы бир ай бою жыйынга чогулбай калышы ыктымал. Бирок, алар эл өкүлчүлүк ишин жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш келгенге чейин улантар бермекчи. Бул тууралуу кеңири түшүндүрмө керек болсо айтыңыздар, аппарат жетекчилери менен интервью уюштуруп беребиз. Жогорку Кеңештин жетекчилиги, Аппараты, анын ичинде Басма сөз кызматы шайлоо өнөктүгү учурунда деле ишин уланта бермекчи"-деди Ибраим Нуракун уулу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости