www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Кыргызстанда экологдордун кесиптик майрамы

Бүгүн, 5-июнда өлкөдө «Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү» белгиленүүдө.  Буга байланыштуу «Кумтөр Голд Компани» Жабык акционердик коомунун убактылуу башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк Мамлекеттик экология жана климат боюнча комитетинин төрагасы Динара Кутманованы жана департаменттин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Анын айтымында, азыр өлкөдө экология жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери эл аралык деңгээлде негизги темалардын бири.

«Бардык өлкөлөр дүйнөлүк экологиялык коркунучтарды ооздуктоо боюнча дүйнөлүк коомчулуктун иш-аракеттерине активдүү катышып жатышат. Азыр биздин өлкөбүз айлана-чөйрөнү сыйлоого жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга негизделген принциптерди киргизип жатат. Жана бул, албетте, ата мекендик экологдордун чоң эмгеги. Мен Кыргызстандын экологдоруна тайманбастыгы, принциптерин жана кесипкөйлүгүн колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирем. Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин түзүлүшү мамлекеттик бийлик органдарынын өлкөдөгү айлана-чөйрөнү коргоону күчөтүү боюнча маанилүү кадамы болду», — деди ал Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата иш-чарада куттуктоо сөзүндө.

Өз кезегинде Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова белгилегендей, ушул жылдан баштап Кумтөр Кыргызстандын кызыкчылыгына кызмат кылат. Чогулгандардын бардыгы Кумтөр темасы калктын көңүлүн экологиялык маселелерге гана бурбастан, бардык камкор адамдарды бириктирип, экологдорду өзүлөрү чогултушкандыгын белгилешти.

Салтанаттуу иш-чарада Тенгиз Бөлтүрүк Кыргызстандын экологиялык кызматынын түптөлүшүнүн башында турган бир катар ардагерлерге Кумтөрдөн эстелик белектерин тапшырып, аларга чың ден-соолук, узак өмүр, тынчтык жана бакубат жашоо каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости