www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Суу айылынын 19 жаштагы тургунунун (А.Т.) сөөгү 5-июнда асылган абалда табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал ушул эле райондун Жаңы-Жер айылындагы 18 жаштагы кызды атып кеткен деп шек саналып жаткан. Ага издөө жарыяланган болчу.

Кыздын сөөгү 4-июнда токтоп турган автоунаанын ичинен табылган. Текшерүү учурунда ал ушул айылдын 2003-жылы туулган тургуну экени жана ок атуучу куралдан жараат алганы аныкталган.

Кылмышка катыштыгы бар деген шек менен 2003-жылы туулган Р.Н. аттуу жаран Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүгүнө жеткирилген. Учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

Аталган факты Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Кыргызстанда бул кыздардын өмүрүнө кол салган биринчи учур эмес. Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде 27 жаштагы Айзада Канатбекова никеге мажбурлап тургузуу үчүн уурдалып, зордукталып өлтүрүлгөн. Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев Айзада Канатбекованы футболка менен муунтуп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирген.

2018-жылдын май айында 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызы ала качуунун курмандыгы болгон. Аны Жайыл райондук милиция бөлүмүндө ала качкан бала бычактап өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыюуга аракет кылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости