www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу Садыр Нургожоевич, 2019-жылы кабыл алынган мыйзамдарды жокко чыгарбасаңыз, кыргыз элинин жана милициянын шору. Төмөнкү далилдерди эске салсаңыз.
Жаңы кабыл алынган кодекстердин ички иштер органдарынын ыкчам бөлүмдөрүнүн иштешине кандайча таасир этет
Учурда кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө ыкчам бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин иш-аракеттери чектелген. Анткени учурдагы иштеп жаткан жаны жазык-процессуалдык кодекстин талаптары боюнча, алардын ыйгарым укуктарын минималдаштырып, аларды болгону тергөө тапшырмаларын жана атайын тергөө амалдарын аткарып, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өздөрүнүн эффективдүүлүгүн толугу менен жоготкон. Ыкчам бөлүмдөрүнүн кызматкерлери азыркы учурда соттук өндүрүштүн алкагында иш-чараларды жүргүзүшү керек, башкача айтканда кылмыштын катталышын күтүп, андан кийин гана кылмыш жасалып, катталгандан кийин иш-чараларды алып барышат. Ток этээрин айтканда азыр милициянын колу-буту байланган.
Кабыл алынган кодекстердин чегинде Кыргыз Республикасынын "Ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү жөнүндө" Мыйзамынын ролу кандай?
Реформанын логикалык уландысы болуп, Кыргыз Республикасынын "Ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү жөнүндө" Мыйзамында каралган ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнү четтетип, декларативдик иш-чараларды жокко чыгарып, анын көпчүлүгүн четке кагып, натыйжалуулугун жоготуу болуп эсептелет.
Белгилей кетүүчү нерсе, аталган мыйзам ыйгарым укуктуу органдардын ишмердүүлүгү жабык түрүндө жүргүзүүнү мыйзамдуу түрдө жөнгө салуу үчүн кабыл алынган, бирок бүгүнкү күндө кээ бир ченемдери өздөрүнүн актуалдыгын жоготуп, жокко чыгаруу коркунучу турат.
Демек, ЫИИнин жобосу, максаттары, милдеттери, принциптери, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жашыруун кызматташуусу, кемөктөшүүчү субъектерди социалдык жактан коргоо, укуктук ченемдик талаанын чегинен тышкары чыгуусу күтүлөт.
2019-жылы кабыл алынган мыйзам коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына жооп бербейт
Жазык соттук өндүрүш тутуму анын учурдагы үмүтүнө жооп бере алган жок. Анткени, кылмыштуулук менен күрөшүүдө бирден-бир натыйжалуу болуп, кылмыштуулуктун алдын-алуу иш-чаралары эсептелинет. Ал эми азыр болсо бул иш-чара мыйзамсыз, албетте бул көрүнүш керөгөчтүккө жатпайт.
Кылмыштуулук менен күрөшүүдө бир гана тергөө аракеттери менен каршы чыгуу мүмкүн эмес, заман өзгөргөн сайын кылмыштуулук татаал жана кесипкөй болуп бара жатат. Бул көрүнүшкө каршы күрөшүүдө ыкчам-иликтөөнүн ишмердүүлүгү негизги ролду ойнойт. Себеби анын натыйжалуулугун адамзаттын кылымдар тарыхы тарабынан тастыкталган жана далилденген. А жогорку мыйзам дүйнөлүк практикада колдонулбайт.
Бүгүнкү күндө ыкчам бөлүмдөрүнүн кылмыштын бетин ачуудагы ролу кандай?
Жазык-процесстик кодексинин 37-беренесине ылайык ыкчам бөлүмдөрдүн ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: кылмыш тууралуу арыздарды каттоо, кылмыш болгон жерди кайтаруу, прокурор же тергөөчү тарабынан берилген тапшырмаларын аткаруу жана тергөөчү тарабынан берилген атайын тергөө амалдарын жүргүзүү тапшырмасын аткаруу. Ошо эле учурда, кылмыштын алдын алуу, бөгөт коюу, аныктоо жана кылмыштын бетин ачуу функциясын плардан алып коюу, албетте, туура эмес жана шашылыш болгон.
Садыр Нургожоевич, эми чет өлкөлөрдө эл аралык тажрыйбаны изилдеп көрдүңүз беле, ыкчам кызматкерлерине мындай чектөөлөр такыр жок
Дүйнө жүзүндө Эл аралык тажрыйбаны изилдөө көрсөткөндөй жазык соттук өндүрүшүнүн мындай моделдери, ал тургай, жазык соттук өндүрүшү түпкү тамырынан бери өзгөргөн мамлекеттерде (Украина, Грузия, Балтия, Казакстан ) кездешпейт жана тергөө тарабынан берилүүчү жашыруун атайын тергөө амалдарынан сырткары, ыкчам-иликтөөө ишмердүүлүгүнүн негизинде ыкчам-издөө иш-чаралары тергөө кызматынан көз карандысыз эле жүргүзүлөт.
Европанын өлкөлөрүндө (Улуу Британия, Америка Кошмо Штаттары) бардык жерде кылмыштуулукту териштирүүнүн эки түрү бар:
- Эркин, ыкчам кызматкерлердин жашыруун иш-чараларын жүргүзүүсү:
- Бекем, алдын-ала тергөө ишинин алкагында иш-чараларды жүргүүзүсү.
Жазык-процесстик ченеминин кайсыл эрежеси ыкчам издөө функцияларын толук аткарууга тоскоолдук жаратат?
Бул, Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4 пунктунда көрсөтүлгөндөй, ыкчам бөлүмдөр тарабынан ыкчам издөө иш чаралары атайын тергөө амалдарын жүргүзүүнүн негизинде гана өткөрүлөт, ошондуктан, бул туура эмес деп эсептейм, анткени мындай иш-чаралар кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо, аныктоо жана бетин ачуу максатында жүргүзүлүшү четте калган.
Садыр Нургожоевич, ыкчам бөлүмдөрдүн кызматкерлери аз функцияларын толугу менен аткарышы үчүн, Жызык-процессуалдык кодексине кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү керек?
Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 37-беренесинин 2-б., 10-пункт кошумча ирээтинде, төмөндөгүдөй редакция менен: "10) кылмыштуулук менен күрөшүүде алдын-алуу, бөгөт коюуу, бетин ачуу, издөөдө жүргөн жарандарды издөө" . Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы тарабынан азыркы убакытта түзүлгөн кырдаалды түшүнүп туруп, алар сунушталган Жазык процессулдык кодексинин долбоорунда ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү субъектисин мурдагыдай эле калтырып, көз карандысыздыгы жагынан ал өзгөрүүсүз калган. Ошондой эле, алардын долбоорунда карама-каршылыктар келип чыгууда, мисалы, "Алгачкы териштирүү органынын кылмыш катталгандан кийинки иш-аракеттерини" 157-беренесинде, алардын ыкчам издөө иш-чаралары прокурордун, тергөө кызматкеринин тапшырмасы боюнча жүргүзүлөт деп көрсөтүлгөн, бул ченем мыйзам концепциясына карама-каршы келет.
Жаңы кабыл алынган жазык соттук концепциясы тергөө кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө кандай таасир берди жана Жазык процессуалдык кодексинин эрежелери алардын жумушун илгерилеттиби? – Жок.
Мурда тергөө органдары кылмыш ишинин процесстик бөлүгү менен алектенип, ыкчам иликтөө ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө табылган жыйынтыктарын процессуалдык форма берип келишкен, бирок эч качан кылмыштын бетин ачууда демилгечи болушкан эмес. Жаңы жазык-процессти киргизүү менен, тергөөчүлөрдүн жана алгачкы териштирүү органдарынын жугу жогорулады, себеби азыркы учурда келген маалыматтарды алгачкы текшерүүсүз эле, электен өткөрбөй КЖБРге катталуусу көбөйгөн.
Ошондой эле, Жазык кодексинин жана КЖБРдин ченемдерине ылайык көмүскө булактардан келип түшкөн маалыматтар катталышы керек, бирок бул маалыматтар бардык эле учурда так эмес. Мисалы, тажрыйба көрсөткөндөй көмүскө булактан алынган маалыматтардын 25-30% тастыкталып, тергөө кызматкерлери тарабынан калган учурларын тергөө үчүн канчалаган убакыт жана каражат сарпталып, чыныгы кылмыш иштерин тергөө үчүн алаклы кылат. Чынын айтканда, бул кылмыш кылган кылмышкерлерге гана пайдалуу, анткени, алар үчүн кылмышты жүзөгө ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
Ошондой эле, Жазык-процессуалдык кодексинин авторлорунун оюу боюнча, ыкчам-иликтөө мыйзамы ишке кирсе адам укутары бузулуп, кылмышка шектүүлөрдү кыйноого алышып жана башка мыйзам бузууга шарт түзулөт деп эсептешет. Бирок, мен сизди ишендиргим келет, себеби бул мыйзамдын жогоруда айтылган көрүнүштөргө эч кандай тиешеси жок. Ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгү мыйзамы кылмыштуулук менен күрөшүүдө жашыруун түрдө өткөрүлүп, кылмыштын бетин ачууда жашыруун иш-чаралары жүргүзүлөт.
Жазык кодексинде мажбурлоо жолу каралса, ыкчам-иликтее ишмердүүлүгү мыйзамында мындай мүнөздөмө жок, себеби болгону бул мыйзамда ыйгарым укуктуу органдаранын көмүскө ишмердүүлүгүн жөнгө салуу каралган. Ал эми ыкчам иш-чараларынын жүргүзүлүшүндө мыйзамды бузуу көрүнүшү ар-бир аткарууда ыкчам кызматкердин өзүнүн кызматтык мыйзамдуулукту бузуу субъектиге карата болот.
Ошондуктан, Садыр Нургожоевич, жогорку так маалыматтарды эстеп, кыргыз элин эзип, кыйнап, психологиясын бузган мамлекеттин кызыкчылыгын кордоп, акча үчүн батыштын кызыкчылыгын колдогон мыйзамды жокко чыгаруу сиздин колуңузда. Болбосо Айзаданын өлүмүнө окшогон кырсыктар кайталана берет… Кылмышкерди кармаганга милициянын колу-буту байланган…
Булак: NazarNews.kg