www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн шайлоо тилкелерине бюллетендер таратылат

Бүгүн, 24-сентябрда ар бир шайлоо тилкесине бюллетендер таратылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Бюллетендерди таратуу аны басып чыгарган «Учкун» басмаканасынын имаратында өтөт. Шайлоочулардын санына жараша бюллетендер басылып чыгарылган. Шайлоочулардын жалпы саны — 3 млн 523 миң 532 адам.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости