www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков Молдовановка айылындагы №27 колонияга которулду. Бул тууралуу анын адвокаты Бакытбек Автандил уулу журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Сапар Исаков учурда карантиндик зонада, ал жерде 10 күн кармалат.

“Сапар Исаковдун башка колонияга которулгандыгы бүгүн белгилүү болду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы анын себептерин түшүндүрүп берүү боюнча менин оозеки кайрылуума жооп берген жок. Мен билдирүү калтырдым. 27-колонияга кире алган жокмун, анткени ПЦР тестин тапшыргандыгы жөнүндө справкам жок”, – деди жактоочу.

Эске салсак, Сапар Исаков Тарых музейиндеги коррупция жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча соттолгон. Бир кылмыш иши боюнча министрлер кабинетинин мурдагы башчысы 18 жылга, экинчисинде 15 жылга эркинен ажыратылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости