www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-июнь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы депутат Садыр Жапаровдун соту өтүүдө. Соттук отурумдун жүрүшүндө Жапаров ишин карап жаткан судья Эмилбек Каиповго ишенбөөчүлүк көрсөттү.

«Мен дагы бир жолу соттук ишти карооңузга ишенбөөчүлүк көрсөтөм. Иш башталгандан бери мыйзамдарды бузуп, жактоочуларды басынтып сүйлөп жатасыз. Мага отурумду созуштун кереги жок. Кааласаңар күндө отурумду уюштургула. Сизге мени соттош эмнеге кызык болуп жатат билбейм. Бул иштен баш тартсаңыз сиздин жаныңызды албайт, иштен алат«, — деди Жапаров.

Ал эми судья бул аракетте соттук отурумду создуктуруу максаты болуп жатканын билдирди.

Ошондой эле жактоочу Азиза Абдурасулова дагы тарыхта соттук отурумдар мынчалык басым менен өтпөгөнүн айтып, судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-мартында Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал «бейбаштык», «бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү», «барымтага алуу» жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. 6-апрелде Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ал эми 24-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жапаровду камакта кармоо мөөнөтүн 28-майга чейин узарткан. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган болчу.

Булак: "chyndyk.kg"

Последние новости