www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясына мамлекеттик сапар менен барган Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен РФ президенти Владимир Путиндин жолугушуусу өтө жылуу маанайда өттү. 20-июнда эки тараптуу документтерге кол коюу аземин жыйынтыктап жатышып, эки өлкөнүн башчылары журналисттер үчүн билдирүү жасашты.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев эки мамлекеттин мамилеси акыркы 5-6 жылда терең трансформациядан өттү деп белгиледи. «Бул мамилелерди стратегиялык өнөктөштүкдеңгээлине чыгара алдык жана Владимир Владимирович, жеке сиздин катышууңуздуннатыйжасында биз экономика, соода жана Кыргызстандын коргоо жөндөмдүүлүгүнбекемдөө жаатында өтө ири долбоорлорду жүзөгө ашыра алдык», — деди ал.

Сөзүн андан ары улаган мамлекет башчысы Кыргызстандын ЕАЭБке кирүүсү мамлекеттин бардык үмүттөрүн актап атканын билдирди. «Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүнүн натыйжасында биз товар жүгүртүүнүн кескин өсүшүн көрүп атабыз, Сизбелгилегендей биздин эмгек мигранттарынын которуусу 23 пайызка өстү. Эң башкысы бизбул жакта иштеп аткан Кыргызстандын жарандарынын жашоосу көбүрөөк жеңил болупкалганын көрдүк», — деди Алмазбек Атамбаев.

Мындан сырткары Кыргызстан менен Россия тыгыз маданий байланышты сактап калганына өтө кубанычта экенин белгилеп өттү. «Албетте, муну дагы да бекемдеш керек. БүгүнРоссиядагы Кыргызстандын маданият күндөрү ачылат, болгондо да Кремлдик курултайларсарайында чоң концерт менен. Мунун өзү бул ишмердүүлүктү активдештирүү үчүн эң сонунмүмкүнчүлүк», — дейт президент.

Россиянын президенти В.Путин өз кезегинде чейрек кылымдан бери карай эки өлкөнүн карым-катышы бардык багыттар боюнча бири-бирин сыйлоо принциптери жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуу менен алдыга карай өнүгүп отуруп, чыныгы стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыкканын белгиледи. «Кыргызстандын Президенти менен учурдагы сүйлөшүүлөр боюнча достук жана конструктивдүү атмосферада өттү. Биз эки тараптуу күнтартибиндеги көбүрөөк маанилүү маселелерди талкууладык, актуалдуу регионалдык жана эларалык маселелерди козгодук. Эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрү, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү мененорус—кыргыз мамилелеринин абалын дыкат карадык, биринчи кезекте соода—экономикалык сферада», — деди В.Путин.

Ошондой эле ал Россия менен Кыргызстандын стратегиялык мамилесиндеги маанилүү жагдай – бул аскердик-техникалык жана аскердик кызматташуу болуп саналарын белгиледи.

Бул жолугушууда алдыда өтө турган президенттик шайлоого байланыштуу маселе да козголду. Владимир Путин: “Биз жакын союздаштарданбыз, жакын достордонбуз. сиздин президеттик мөөнөтүңүз аяктап баратканына карабай бардык мамилелер өз күчүндө калат жана ошол багытта улана берет”, — дегендей пикирин айтты. Мунун өзү КСДП партиясына терең ишеним артып атканын түшүндүрүп турат. Ал эми КСДП партиясынын саясый кеңеши президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер катары учурдагы өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековду көргөзгөн. Демек, Россия бийлиги алдыда өтө турган шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдой тургандыгын түшүнө берсек болот.

Булак: "de-facto.kg"

Последние новости