www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бу кыргызда акыркы 20 жылда кимдер гана премьер, спикер болгон жок. Министр, депутат дегендерди айтпай ак коёлу. Албетте, премьер, спикер деген өлкөдөгү чоң кызмат - экинин, үчтүн бири. Бирок ошол кызматта отургандардын көпчүлүгүнүн деңгээл, дас-дарамети илгерки чен-өлчөм менен алганда биз бала кезде чет-бучкагын көрүп калган советтик мыкты делген райкомдордукуна деле караандабайт.
Бирок көбү бай, башаламан доордон пайдаланып, укум-тукумуна жеткидей көр оокат топтоду. Ким кантип байыганын элдин баары билет. Кимиси кандай иштегенин да баары билет. Укмуш кыйын иштеп, мыкты менеджерлигин көрсөткөнүн, кайсы бир жакшы иши менен элдин эсинде калгандарын мен эстей албайм, эсеби маселен. Эми ошолордун баары болбосо да көбү шайлоо болгон сайын “президент болмокчумун” деп дүрбөп, өзү эле эмес мурда-кийинки сөз кошчу, ат кошчу, ит кошчуларынан өйдө дүрбөтүп чыгып алмайын айтам да...
Баарын көрүп, көрбөгөнү бир гана ушул бийик кызмат калгандай, ал да кол сермесе эле жеткидей сезилет окшобойбу... Мейли, андай амбициясы бар экен, жок дегенде өзүн ар тараптан өстүрүп, даярдап, такшалып, таптап-тапталып “мына, мен эми күүмө келдим, сынап көргүлө” десе бир жөн. Тилекке каршы көпчүлүгүнүн деңгээли башта элге кандай чыгып, эл кандай тааныган болсо ошол бойдон калып атпайбы...
Маалымат Шайырбек Эркиндин Фейсбук баракчасынан алынды
Булак: NazarNews.kg