www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Чолпон-Атада Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башчыларынын VI саммити болот. Саммитке Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Азербайжан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн башчылары катышат. Уюмга төрт мамлекет – Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мүчө. Өзбекстан быйыл ардактуу конок катары катышат. Кеңешке төрагалык кылуу быйыл Казакстандан Кыргызстанга өтөт.

Бул саммит Кыргызстанда 2016-жылы өтмөк. Бирок, ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган менен мамилесинин бузулушунан улам үзгүлтүккө учураган. Атамбаев-Эрдоган мамилесинин бузулушунун теги 2015-жылга барып такалат, 2015-жылдын аягында Атамбаев “орус истребителин атып түшүрүү менен түрк бийлиги катачылык кетиргенин” билдирген. Андан кийин 2016-жылдын июлундагы төңкөрүш аракеттеринин айынан Түркия бийлиги Атамбаевге Кыргызстанда Гюлендин “Себат” билим берүү мекемелерин жабуу сунушун берген. Бирок, Атамбаев бул кеңешти кыйгап өтүп түрк бийлигинин кыжырын андан бетер келтирген. Натыйжада, сентябрь айында БУУнун Нью-Йорктогу саммитине учуп бараткан Атамбаев капысынан ооруп калып Түркияга түшкөндө жергиликтүү бийликтин салкын мамилесине кабылган.

Булак: NazarNews.kg   

Последние новости