www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 2-сентябрда Кыргызстанга Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын Кеңешинин эртең 3-сентябрда Ысык-Көлдун жээгинде, Чолпон-Ата шаарында өтө турган мамлекет башчыларынын Саммитине катышуу үчүн келген Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.  Казакстан Президенти ошондой эле бүгүн, 2-сентябрда  ардактуу конок катары Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине  катышууда.

Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаев менен кыргыз жергесинде жылуу учурашты.  «Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына келгениңиз үчүн Сизге терең ыраазычылык билдирем», — деди Сооронбай Жээнбеков тарыхый салттарга жана өз ара урматтого негизденген кыргыз-казак мамилелери бир тууган эки элдин жыргалчылыгына мындан ары карай да бекемделип, өнүгө бере турганын баса белгиледи.

Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев салттуу кыргыз-казак бир туугандык мамилелер позитивдүү нукта өнүгүп жатканын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбековду жана кыргызстандыктарды өлкөнүн Көз карандысыздыгы күнү менен куттуктады.

Ал Президент Сооронбай Жээнбеков кызматка киришкенден бери бардык эки тараптуу маселелер ургаалдуу чечилип жатканын баса белгиледи, эки тараптуу кызматташтыктын Жол картасы иштеп жатат.

Ал унаа каттамдары жана бажылык жөнгө салуу маселелери күн тартибинен алынып салынганын жана бир тууган эки эл тоскоолдуктарсыз өз ара аракеттенишип жатканын баса белгиледи.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтык, мурда жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу, ошондой эле эртеңки түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын Саммитинде талкуулана турган маселелер боюнча пикир алмашышты.

Булак: NazarNews.kg   

Последние новости