www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаковго бүгүнкү сарасеп: 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революциянын жылдыгына байланыштуу Кайрылуу жасады.

Кайрылууда: 2005-жылдын 24-мартындагы элдик революция эгемендүү Кыргызстандын соңку тарыхында өзгөчө орунду ээлейт.

Ушул күнү Кыргызстан эли адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка жана үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы көтөрүлгөн. Кылымдарды карыткан кыргыз эли майтарылбас кайратын, эркиндикти жана адилеттикти баарынан бийик тутаарын дагы бир ирет далилдеген. Ошондой эле март революциясы өз максатына жетпей калгандыгын айтып, “марттагы элдик революциянын сабактары бизди мына ушул бийик максатка багыттап, туура жолдон тайбагыла деп ар дайым эскертип турат.”- деп жазат кайрылуусунда президент.

Ошондой эле өлкө башчысынын экинчи кадамы бүгүн, 24-мартта Ч.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кызматкерлери менен бирге Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы Эмен багына ишембиликке чыкты. Бул көрүнүшкө таң калып же азырынча суктануунун кереги деле жок. Себеп буга чейин деле президенттер кетмен-күрөгүн көтөрүп алып ишембиликке чыгышканы жалпыга маалым. Бул чоң жаңылык деле эмес. (Чоң жаңылык ТЭЦтеги күнөөлүүлөрдү камаганда болот)

Баса, президент Сооронбай Жээнбековдун жанынан Сапар Исаковдун карааны көрүнбөдү. Буга чейинки президенттердин жанында өкмөт башчы коштоп жүргөн. Тарыхта биринчи жолу президент өкмөт башчысыз ишембиликкке чыкты. Демек, эл арасында айтылып жүргөн “имиш-миштер” чын эле окшойт, экөө чогу болса жакшы болот беле?,- деген ой менен Сапар Исаковду издедик.

Өкмөт башчы Сапар Исаковдун планына кулак түрсөк Сапар мырза, бүгүн 24-мартта, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып, 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларда курман болгон жарандарга куран окутууда жүргөн экен. Дегеле окуткан кураны кабыл болсун. Кызыгы, 24-мартта Сапар Исаков, 7-апрелдеги курман болгондорго куран окутуп, эртерээк ойгонуп алган жокпу? Бул нерсени орусча айтканда "не к тему" деп коётда. Так ушул жерде дагы бир “мандем” бар го кыязы деп ойлонуп калдык.

Ошондой эле Сапар мырзанын экинчи күн тартибиндеги планы, бүгүн, 24-мартта, «Таза Жашоо» улуттук компаниясынын алкагында Бишкек шаарындагы Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын аймагындагы ишембиликке катышыптыр. Иш-чаранын жүрүшүндө Сапар Исаков жана ишембиликке келгендер менен тырмоону колуна алып, аталган бактын аймагын тазалоого киришкен. Сүрөттөрүн кылдаттык менен карасак, бир өңчөй ырчылар. "Охо-о команда күчтүү" деген тамашалуу ойго кеттик... .

Кыскасы, бүгүнкү кызык көрүнүштөр ушул. Эл арасында айтылып жүргөн эки үлкөндүн бири-бирине "ары карап ыйлап, берип карап күлүп, эл көзүнө араң мамиле кылып жүрөт дегени чын окшойт деп ойлонуп кеттим... Эмнеси болсо дагы, ошентип эки үлкөн бүгүн, 24-мартта эки “фронтто” иштеди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости