www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен абакта отурган оппозициялык саясатчы Бектур Асанов 24-мартта президентке кат жолдоду. Анын катын жарандык активисттер интернеттеги социалдык тармактарга жарыялады.

Катта Асанов "Жаза аткаруу кызматынын чечими менен №27 абакка 1-мартта которулганын, андан бери бир айга чукул убакыт өтсө дагы жаза мөөнөтүн өтөө үчүн туруктуу отрядга которбой, ар кандай жайларда кармап жатканы мыйзамсыз" экенин айткан.

- Абактын жетекчисинен “эмнеге мыйзамды аткарбай жатасыңар” десем, алар “сиздин үстүңүздөн саясий буюртма бар, демек бул маселени бир гана президент чечет" деп сизге ишаара кылууда. Мен сиз тараптан буюртма бар дегениме ишенбейм, бирок кандайдыр бир саясий күчтөр тарабынан атайын чагым уюштурулуп жатканын сезип турам. Сиз тараптан Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигинин мыйзамсыз аракеттерине жооп болоруна ишенем, -деп жазылган.

Буга чейин Асанов Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров менен баш прокурор Индира Жолдубаеванын дарегине да ушундай эле мазмундагы ачык кат жолдоп, өзүн жалгыз камерада кармоонун мыйзамдуулугун түшүндүрүүнү өтүнгөн.

Оппозициячыл саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен 2016-жылы камалган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту жана шаардык сот Асанов менен Кадыровду 12 жылга, Карыбековду 20 жылга кескен. Алар өздөрү күнөөсүз экенин айтып, кылмыш ишин козгогон УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин, сот адилеттигин талап кылып 30-январдан тартып "кургак ачкачылык" баштаган. Саламаттыгы кескин начарлаганына байланыштуу саясатчылар 22-февралда ачкачылыкты токтоткон. 

Булак: "azattyk.org"

Последние новости