www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окумуштуу, мурунку Билим берүү министри, Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиевди УКМК коррупционер деп атаганына ким ишенет? Бул УКМКнын өзүн шылдың кылбайбы?

Окумуштууну Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус славян университетинин медициналык факультетине 27 студентти мыйзамсыз кабыл алдырып, алардан 14 миң доллар пара алган деп айыптоодо. Бул кылмыш иши мурун ачылып, кылмыш жоктугуна байланыштуу токтогон эмес беле. Папка кайрадан ачылып жатканы саясий боёк экени анык.

Окумуштууну 14 миң доллар акча алган деп айыптаган күлкүлүү иш да. Осмоналиевдин деңгээли 14 миң долларлык элеби? Жок дегенде 140 миң же болбосо 14 млн доллар деп айтышпайбы, илимпозду шылдыңдабай. 14 миң доллар ТЭЦке алынган бир видео камеранын акчасына да жетпей жатпайбы бай болгурлар…

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости