www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында оппозициялык курултай өткөрүүгө эч ким тоскоолдук кылган жок. Ал курултайды шаар тургундары колдобогондуктан өтпөй калды. Ал эми курултайдын уюштуруучулары Жалал-Абад шаарынын салттуу иш-чарасына тоскоолдук жасоого аракет кылышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Маалымат борбору расмий билдирүү таркатты.

Билдирүүдө айрым маалымат сайттары курултайды уюштуруучулардын бири Адил Турдукуловдун билдирүүсүнө таянып, Жалал-Абадда өтүүчү курултайга шаар мэри Салайдин Авазов тоскоолдук жасаганын, атуулдарды курултайга барбоого үндөгөндүгүн жазып чыгышканын,  бирок, ал таптакыр чындыкка туура келбегендиги айтылат.

Маалымат борборунун расмий версиясы боюнча, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын уюштуруусу аркылуу жыл сайын 24-марттагы элдик ыңкылаптын катышуучулары менен жолугушуу өткөрүп, болуп өткөн окуялар жана анын катышуучулары эскерилет жана аларга сый-тамак берилет. Ошол салт уланып, шаар мэриясы жүзгө жакын ыңкылапчыларды шаар борборундагы “Салкын” кафесине сый-тамакка чакырыган.

Бирок, Барпы драмалык театрында өтүүчү курултайга эл келбегендигинен улам, анын уюштуруучулары элдик ыңкылапчылар отурган жерге кирип барууга аракет кылышкан, бирок шаар бийликтери буга жол коюшкан эмес. Анткени, ал иш-чара саясий эмес, атайын уюштурулган коомдук иш-чара катары ал жерге белгилүү сандагы ыңкылапчылар гана чакырылган.

Шаар мэри Салайдин Авазовдун айтымында, курултайдын уюштуруучулары экс-президент менен азыркы президентти эл арасында кайраштыруу ниетинде болушкандыктан, аларды ыңкылапчылар отурган жерге киришине каршы болгон. Муну болсо, арабөк калган курултайдын уюштуруучулары элди бөлүп жаруу катары баалашкан.

Элдик ыңкылапчылар да шаар мэриясынын салттуу иш-чарасына келишкенин, ал эми курултайдын уюштуруучулары аларды чакырышкан эместигин, ошондуктан алардын ыңкылапчыларга жакындоо аракети түшүнүксүз болуп жатканын айтышууда.

Азыркы тапта Жалал-Абад шаарында коомдук абал тынч, шаардык мекеме-ишканалар жана тургундар шаарды тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери менен алек болушууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости