www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Равшан мырза, сиз президент Сооронбай Жээнбековдун алып барып жаткан иштери, көтөргөн демилгелери боюнча ушул күнгө чейин үн катпай келдиңиз. Айтчу сөздөр, өзүңүздүн саясий анализиңиз башып жетилсе керек?

— Мен Сооронбай Шариповичти көп жылдардан жеткиликтүү деңгээлде жакындан билем. Экөөбүздүн мамилебиз дайыма түз, сый, адамгерчиликтүү болуп келген. Азыр да жеке мамилебиз түз бойдон. Президенттин ишке киришкенине жүз күндөн ашты. Президент Коопсуздук кеңешинде коррупция менен күрөшөбүз керек деген сөзү менен укук коргоо органдары ичинен коррупциялашкан деп айтканы туура, жагымдуу сөз болду. Мен көп президенттер менен иштеген, саясатты үстүртөн эмес, ичинен билген адам катары бул эки сөз президент үчүн жетишсиз деп айта алам. Азыр президент Жээнбековдун сөздөн ишке өтө турган мезгили келди. Менин оюмча ал кишиге дагы бир жарым ай убакыт берилет. Эгерде ошол убакытта жок дегенде сот системасын, өзү айткан коррупциялашып кеткен укук коргоо органдарын оңдоо үчүн атайын комиссия түзүп, анын ичине оппозицияны, жарандык коомдун өкүлдөрүн киргизип, реформаны баштадык деп айтпаса, ага лоялдуу болуп турган саясатчылар үмүтүн үзөт дагы, саясий сынды Жээнбеков тарапка бурат.

— Президенттин сөздөн ишке өтүшүнө мурунку команда, анын башында турган адамдар тоскоолдук жаратып жаткандай абал жаралганын сизге окшогон саясаттын сазайын берген саясатчылар баамдап, өзүңөр айтып жатпайсыңарбы?

— Бул көз карашты бир жагынан туура десем, бир жагынан туура эмес деп айтат элем. Сооронбай Жээнбеков эл тарабынан шайланган президент болуп эсептелет. Конституцияда президенттин укуктары, милдеттери жазылган. Азыр Жээнбеков кандай чечим кабыл алса, кандай кадрдык өзгөрүү жасай турган болсо, анын жеке иши. Кээ бирлерибиз формалдуу түрдө бийликти Атамбаев бербей жатат деп айтып жатабыз. Бүгүн Атамбаев президент эмес, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Атамбаевди укпайм, анын кадрларын кызматтан алам десе да Жээнбековдун жеке чечими. Эгерде Атамбаевден коркуп кадрларын алмаштыра албаса, Атамбаевден коркуп реалдуу сот системасындагы, укук коргоо органдарындагы, экономикадагы маанилүү реформаларды баштабай турган болсо, ал дагы Сооронбай Жээнбековдун проблемасы болот. Тарыхта кандай из калтырары да Жээнбековдун өзүнүн колунда, Атамбаевдин колунда эмес. Атамбаев коркутуп, басым жасап, азыркы курчап олтурган кадрлары менен компроматтарды ыргыта алат. Бирок, мага окшогон эркин саясатчылардын баардыгы Атамбаевди эмес, Сооронбай Жээнбековду колдоп, аны карап турат. Эгерде ушул кырдаалды пайдаланбаса, эртең президент коомдук пикирге, саясатчыларга таарынууга укугу жок.

— Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинде айткан сөзүн айттыңыз. Президенттин оозунан ошондой сөз чыккандан кийин эле Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Курманалиев сынга алып чыкпадыбы. Курманалиев мурунку команданын оозу болуп, мурунку жетекчилер президентке ошол аркылуу “чектен чыгып баратасың” деген алгачкы сигналды бериштиби?

— Сооронбай Жээнбековго мурунку командадан эки маанилүү сигнал берилди. Биринчиси, Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы аркылуу, экинчиси, КСДПнын мүчөсү, мурунку депутат Мээрбек Мискенбаевдин оозу менен. Атамбаев жана анын командасы Жээнбековго “Биз айткан багытка түшпөй жатасың, биз айткан чечимдерди аткарган жоксуң, биз сага нааразыбыз” деп Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы аркылуу билдиришти. Алардын экинчи сигналы кичинекей компромат. Саясатта кулуардык сүйлөшүүлөрдү саясатчылар сыртка чыгарбайт. Сыртка чыкса аны компромат деп эсептешибиз керек. Атамбаев менен анын тегерегиндеги адамдарда мындан башка оор компроматтар болушу мүмкүн. Жээнбековду президенттикке сунуш кылып жатканда эле Атамбаевдер “Баш ийбей кетсе эмне кылабыз?” деген векторду эсептеген болушу керек. Ошондуктан алар тараптан мындан да оор компроматтар чыгышы толук мүмкүн. Бирок, кандай компроматтар даярдалбасын, мурдагы президент жана мурунку команда тараптан кандай нааразычылык жаралбасын, бүгүнкү күндө коомдук пикир, саясатчылардын дээрлик көпчүлүгүнүн колдоосу Сооронбай Жээнбековдо турат. Эгерде президент коомдук пикирди, саясатчылардын колдоосун жогото турган болсо, азыр оппозицияга өтүп калган Атамбаев менен эки күч биригип кетсе, Жээнбековдун иштешине бир топ оор болот.

— Мискенбаев өзү жалгыз “Форумда” жыйын өткөрө турган, элди ээрчитип кете алчу саясий фигура эмес да. Ал кимдир бирөөнүн оозу гана болуп бергенин коомчулук деле аңдабадыбы.

— Атамбаевдин командасында баардыгы Атамбаевден жүрөгү түшүп коркушат. Атамбаев баардыгын ашата сөккөн, каалаганын сүйлөгөн президент болуп эсептелген. Анын уруксаты жок командасында досу Жээнбековго каршы сүйлөй турган бир да адам жок. Эгерде Атамбаевдин командасынан президент Жээнбековго, өзгөчө иниси Асылбек Жээнбековго нааразычылыктар айтыла турган болсо, бул Атамбаевдин уруксаты жана каалоосу менен айтылган сөз деп айтсак жаңылбайбыз.

— Атамбаевдин ишенген көзүр кадры азыркы өкмөт башчы Сапар Исаковдун долбоорлору башталбай жатып күм-жам болууда. «Технократ» делген Өкмөт элдин ишеничине ээ боло албай жаткан учуру. Исаковдун кызматын сактап калууга мүмкүнчүлүгү калдыбы?

— Сапар Исаков арабанын астына атты коюп алды. “Акылдуу шаар, “Таза коом”, “Таза жашоо” дегендин баарын алып келем деп аракет кылды. Бирок, биз андай долбоорлорду жаратуучу шарт түзө элекпиз да. Башканы айтпай эле коёлу, өзүнүн министрлери жасабай жатпайбы. Бул деген ошондой чөйрө жарала элек дегенди билдирет. Биз коомдун аң-сезимине таасир берчү ачык-айкын саясий атаандаштык, маалымат каражаттары бийликти көзөмөлдөөчү түшүнүктөрдү киргизе элекпиз. Ошолорду киргизгенден кийин гана “Таза коом”, “Таза жашоо”, “Акылдуу шаар” тууралуу айтсак болот. Ага чейинкинин баардыгы жөн гана элди алдамай. Же болбосо Сапар Исаков элди алдап жатат. Же болбосо Сапар Исаков эмне кылып жатканын өзү түшүнбөйт. Себеби, ал саясий күрөштө, активдүү саясатта жүргөн жигит эмес. Ал теплицада өскөн жигит. Далысынан таптап, колунан жетелеп алып келип премьер-министр кылып койду. Ошон үчүн саясаттын маңызын түшүнбөгөндүктөн маанилүү каталарды кетирип алды.

— Интернет айдыңында жаш өкмөттү жаштар отставкага кетүүсүн талап кылып жатат. Бул дагы саясий тирештин бир бөлүгү болуп жатабы?

— “Сапар Исаков кызматтан!” кетсин деген жаштардын урааны менен “Сапар Исаковду колдойбуз!" деген жаштардын урааны жүрүп жатат. Мындай болгон соң, эки тараптын тең кызыкчылыгы ойноп жатат. Мамлекеттик кызмат болгондон кийин дайыма эки тарап болот. Исаковдун идеялары жаман эмес, мамлекетке керек. Бирок, ал арабанын алдына атты коюп алып, эмне кыларын билбей калды. Эки ураандын артында тең саясий күчтөр турат десем жаңылбайм.

— Сиз Атамбаев азыр оппозицияга өтүп калды дедиңиз. Президент Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде “Буга чейин коррупцияга каршы күрөш өзүнүн натыйжасын берген эмес” деген сөздү айткан. Коррупция менен аёосуз күрөш жүргүздүм деп эсептеген экс-президент ошол сөзгө чычалаган жокпу?

— Сооронбай Жээнбековдун “Коррупция тереңдеп кетти. Укук коргоо органдарынын бардыгы коррупцияга малынган” деген сөзү Атамбаевдин 6 жылдык “Мен коррупция менен күрөштүм, Кыргызстанды болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөргө алып келдим” деген сөздөрүнүн бардыгын бир күндө жокко чыгарды. Ошол сөздү көтөрө албай, Атамбаев менен анын тегереги Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысынын билдирүүсү менен өздөрү колдогон “Акипресс” интернет сайты аркылуу каршылыгын көрсөттү. Мен жеке өзүм Сооронбай Жээнбековдун “Мамлекет коррупцияга малынды, укук коргоо органдары коррупциялашып кетти” деген сөзүн колдойм, туура айтылган сөз болду. Бул сөздү 7 жылдан бери айтып келатам.

— Эки достун ортосундагы ажырым, тирешүү 17-мартта ачыкка чыкты окшойт. Бул тиреште Жээнбековго таяныч болчу кайсы багыт бар?

— Менин көзкарашымда президент Жээнбековду сактай турган эки гана багыты бар. Биринчиси, кадр маселелеринде мурун чиновниктин гана ролун аткарган саясатчыларга эмес, салмактуу саясатчыларга таянганга туура келет. Исмаил Исаков, Бөдөш Мамырова, Ахматбек Келдибеков, Кубатбек Байболов сыяктуу Атамбаевдин командасына кирбеген саясатчылар менен иштешүүгө мажбур. Саясат майданында Атамбаевдин командасы бир тарап, Жээнбековдун командасы бир тарап болуп турганда, президентке салмактуу, саясатта орду бар, өзүнүн көзкарашын коргой алган саясатчылар керек. Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон жакшы жигит болуш керек. Бирок анын саясий салмагы жок. АКСке алып барганда мыкты жигит болуш керек. Алардын саясий салмагы жок. Алар катуу басымга туруштук бере албайт. Катуу басымга саясатчылар гана туруштук бере алат. Экинчиси, сот, укук коргоо органдарына реформаны баштайбыз деп атайын комиссия түзүп, анын ичине оппозициянын өкүлдөрүн да кошуп, ишти башташы керек. Ошондо гана коомго стабилдүүлүк, келечек алып келүүгө шарт түзүлөт.

— Атамбаевдин командасынын артыкчылыгы эмнеде? Алар эмнеге басым жасашмакчы?

— Бүгүнкү күндө эң көп каражат ресурсу Атамбаев менен анын командасында бар. Башка саясатчыларда андай ресурс жок. Биздин кыйкырганыбыз эле болбосо, акчабыз жок да. Сооронбай Жээнбековдо дагы акча жок. Шайлоого кимдин акчасы, ким канча кетиргенин жакшы билебиз. Негизинен Атамбаевдин командасынын акчасы. Адам ресурсу да Атамбаевде бар. Азыр анын адамдарынын баары кызматта олтурат. Башкы прокуратура, ИИМ министри, УКМК, Өкмөттөгү маанилүү кызматтардын баарында Атамбаевдин адамдары. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы Атамбаев профессионал, эр жүрөк саясатчы. Ал митингге чыга алган, сүйлөгөндү билген саясатчы болуп эсептелет. Азыр эки команданын тирешүүсү күч алса, Атамбаевдин командасы Жээнбековду утуп кетүү мүмкүнчүлүгү аябагандай эле жогору.

— Атамбаевдин командасы Асылбек Жээнбековдон эмне үчүн чоочулап, аны мандатынан ажыратып, парламенттен кетиргиси келип жатат?

— Бүгүн Сооронбай Жээнбековго таяныч боло турган күч – парламент. Асылбек Жээнбеков төрага катары да жаман иштеген жок. Ал парламентте өзүнчө күч түзүп, агасын колдоого таяныч болчу адам. Асылбек Жээнбековдун парламентте расмий эмес лидер болууга мүмкүнчүлүгү чоң. Ушул нерсе Атамбаевдин командасын коркутат. Атамбаев, анын командасы Асылбектин мандатын алып койсо, Сооронбай Жээнбеков жайдак калат. Таяна турган эч нерсеси болбойт дагы, Атамбаевге толугу менен көз каранды болот.

— Парламент толугу менен Атамбаев жана анын командасына көзкаранды болуп калбады беле. Азыр Сооронбай Жээнбеков парламентти өзүнө тартып кетүүгө кудурети жетеби? Атамбаев деле Асылбектин мандатын алуу үчүн КСДП фракциясы аркылуу маселени чечет. Бүгүн КСДП шефке толугу менен баш ийеби?

— Жетет, эгерде Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырбаса. Бүгүн КСДП депутаттарынын көпчүлүгү эки жакка тең тайсалдап турат. Азыр Асылбектин депутаттык мандаты президент Сооронбай Жээнбековдун мандатына тете. Эгер ал мандатынан ажыратылса, анда КСДП депутаттары толугу менен Атамбаевдин карамагында калат. Мандатын сактап калса, фракциялаш депутаттары да Жээнбеков тарапка ооп, реалдуу бийлик ошол жакта болот. Бирок, Атамбаевде парламенттеги коалицияны кайрадан түзүү планы бар. Менин билишимче ошол версия иштелип жатат. “Бир болду” чыгарып, анын ордуна Бабановдун “Республика- Ата Журттун” киргизиши мүмкүн. Бабанов азыр толугу менен Атамбаевдин, НТС телекомпаниясы, “Санжыра” радиосу Фариддин көзөмөлүндө.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы ОРДО”

Последние новости