www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КыргызРеспубликасынын ПрезидентиС.Ш.Жээнбековго, К.Р. Жогорку КеңешининТөрагасы Д.А. Джумабековго, К. Р. Премьер – министри С. Ж. Исаковго,Ж.К. КСДП фракциясынын лидери И.Ш.Өмүркуловго “6-апрель 2010ж.Элдик Революциясынын “АКЫЙКАТ” кыймылынан

А Ч Ы К   К А Т

Кыргыз мамлекети эгемендүү болгонубузга чейрек кылымдан ашкан убакыт болду. Артка кылчайып,  саресеп салып көрсөк улам обушуп бийлик системасынын башына келген фигуралар (төбөлдөр) өздөрүнүн идеяларын, узак убакытка (20 жылдык, 40 жылдык ж.б.) белгилеген программаларын түзүп, жалпы Кыргыз Элин ишендирүүгө далалаат жасап келишет. Албетте бул аракеттери текке кетпей, Элдин кайсыл бир бөлүгүн ишендирүүгө жетишет. Тарыхка бааны убакыт берээри анык болгондой,”убагы келгенде аны да көрө жатарбыз” эртеңки күнү бала-чакабыз жана неберелерибиз мамлекеттин олчойгон карыздарын төлөөгө келгенде баа беришээр, (бизге... багыштап куран окушабы, же...,аттиң бармак тиштешеби...)! Себеби өлкөбүздүн, демек келечек-муундун келечеги үчүн кечээги Эсил кайран Компартиянын мектебинен такшалып, эгемендүү Кыргызстандын штурвалын колго алган муун жооптуу экени талашсыз. Же биротоло балдар-кыздарыбызды кулдукка, күңдүккө салып беребиз (жаман айтпай-жакшы жок демекчи), же чыныгы эгемен, бакубат мамлекетте жаркыраган жашоого шарт түзүп берип, тарыхый миссияны аткарган болобуз, буга ар бир жаран салым кошууга милдеттүү, кайдыгерлик бул чыккынчылык. Салым кошуунун ар-кандай жолу бар демекчи, жалпы Кыргыз Эли Президент С.Ш. Жээнбековдун азыркы жүргүзүп жаткан саясатын жана баштаган иш-аракеттерин колдоого алганы көрүнүп турат. Жүз күндөн ашкан убакыт аралыгында бир топ өлкөлөрдүн лидерлери менен болгон жолугушууларда компетенттүү, лоялдуу пикирлерин билгизип, тең-ата сүйлөшүүгө жетишип, мамлекеттин аброюн көтөрүп Элдин позитивдүү көз-карашына татыды десек болот. 2005ж. 24март жана 2010ж.6-7 апрелдеги Элдик ыңкылаптарына  саясый, укуктук баа ар-кандай деңгээлде берилип жатканына коомчулук күбө, бирок моралдык баа берилүүсү купулга толоорлук эмес. Бул эки Революцияга баа берүү, оң жана терс жактарын талдоо дагы көпкө созулаары шексиз. Кандай болгон күндө да октон тартынбай, тоталитардык эки бийликти кулатып, канчаларынын өмүрү кыйылып кеткен карапайым калктын салымы зор экенин моюнга алыш керек.Кептин баары ошол эки Революциянын максаттары ишке аштыбы, Элдин мүдөөсү орундалып, жакындарынан ажырагандардын көксүнү суудубу? ММКларда жазылып келе жаткандай, бир ууч амбициялуу топтордун Элдин артынан жеке кызыкчылыктарды (бийликке келүу, байып алуу ж.б.) чечуусу болуп жатканы. Бийликке келгендер улам мурдагы бийликтин саркындыларына муктаж болуп, эски тырмоочту басып жатканында (с чем боролись, на то и наткнулись). Көптөн үмүт эттирген Президент С.Ш. Жээнбеков эски коллегаларынан айырмаланып, жогорку бийлик эшелонунан баштап, жергиликтүү өз алдынча  башкаруу структураларына чейин, иш билги Эл менен иштеше алган профессионал кадрларды дайындоого көмөк көрсөтүп  жана трайбалисттик оорудан арылта алат деп, ишенебиз. Жашыруун эмес, ар-кайсыл бийликтин учурунда жеке мамилеге көңүл бурулуп, кландык башкарууга жол берилип, кокусунан “из грязи-в князи”(случайный) келген кадрлар башкаруу системасында аралашканы.Бийликтин проектиси менен бир топ коомдук уюмдар түзүлүп, керек убакта коомго бийликтин “үнүн” элдин атынан жеткизүү болгон... .Жакында эле Форумда “Айкөл-Ала-Тоо” жарадарлар уюмунун жыйыны өтүп, (Аксы окуясын эскерүү) төрагасы Мээрбек Мискенбаев бир топ амбициялуу сунуштарды билдирүү жасаптыр. Таң калычтуусу, бир аз да болсо коомдук сунуштарды эске албай, шашылыш түрдө Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары эртеси эле күнү М.Мискенбаевдин сунушун канааттандырганында. Болуп өткөн эки Революция максатына жеттиби, бул суроого жооп али күнгө чейин ачык бойдон калууда. Революцияга салым коштук деп, азыркы күнгө чейин сыймыктануу менен айтабыз... . Баатыр деген сары төш белги алдык, а бирок Биз бул “баатырдыкты” кайсыл душманды жеңип алдык, кайсыл чек араны коргодук, маселе ушул жакта?! Бул баатырдыктын кайсыл привилегиясы же статусу бар, баатырдык наам алган каармандарга Убактылуу Өкмөт тарабынан “ооз басырык” болгон жокпу деп, ойлонууга туура келет?! Эмне үчүн шаардык Кеңешинин депутаттары Бишкек шаарынын бир көчөсун “Баткен согушунун каармандары” деп атабайт? Баткен окуясында эр-жүрөк кыргыз жигиттерибиз “моджахеддерден” мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактабады беле?! Бул “утрировать”этилген гана мисал катары. Ал жыйында айтылган дагы бир талап, депутат Асылбек Жээнбековду мандатын тапшырсын деген болуптур, президенттик шайлоо алдындагы (депутаттын сөз бергенине) таянып. Бул талаптын артында кайсыл “дирижердун” таякчасы турганы көрүнүп турбайбы?! Же Фарид Ниязов кызматтан кеткенине нааразы болуп, (учурунда да колдоо таппаган) жалпы Элдин колдоосуна ээ боло албай, бир уюмдун аркасы менен Кыргызстандын тагдырына “салым” кошкусу барбы?! “Подождите Дорогие” дегендей, Кыргызстан Баш Мыйзам менен жашаган өлкөбү же “понятие” менен жашаган өлкөбү, “отвечай за базар” деп, Биз кайда баратабыз...?!Лоялдык гана пикирди билдирсек, Асылбек Жээнбеков президенттик шайлоого чейин эле Ж.К.нын депутаты жана төрагасы болгон да, агасы С.Ш.Жээнбековдун буга тийешеси жок болгон?! Шайлоо кампаниясынын учурунда С.Ш.Жээнбековду “преемник” катары кабыл алган Эл, анчалык ишеним артпаганы менен, азыркы учурда Президенттин коррупция менен чечкиндуү күрөш жүргүзүп, Элдин жашоо-шартынын оңолушуна социалдыкбагыттагы бир топ амбициялуу программаларды ишке ашырып жатканына купулу толуп турган учур. Мисал келтирсек, Бишкек ТЭЦи боюнча ачык-айкын текшерүү, Баткендеги “наркотрафикти” жабуунун аракети  менен күч структурасынын жогорку рангдагы чиновниктерин камакка алуу, жол куруу департаментинин жетекчисин камакка алуу жана башка мисалдарды келтирсек болот. Бул кадамдар Президенттин шайлоо алдындагы коррупция менен аёсуз күрөшөм деген сөздөрүн аткарып жатканынын далили болуп жатпайбы...!Мамлекеттин бюджетине опол тоодой салым кошкон Элдин 70% айыл жергесинде жашагандыктан, аймактарга көңүл буруп, өнүктүрүүгө убакыт келди деп, “Аймактарды өнүктүрүү жылы”жарыяланганын Эл “кош колдоп” кабыл алууда. Мындай чечкиндүү иш-чараларды албетте күчтүү командасыз ишке ашыруу кыйынга тураары белгилүү. Иниси Асылбек Жээнбековду мандатын тапшырсын, кландык башкарууга жол ачылып жатат деген жүйөнүн артында, коомчулукту адаштырган, көмүскөдөгү бир ууч коррупционерлердин накта жүзү ачылып калбасын деген саясат турган жок деп, ким кепилдик бере алат?! Асылбек Жээнбековдун парламентте кадыры жана таасири бир топ экенин эске алсак, Президент С.Ш.Жээнбековдун командасын “тазалап,алсыратып” таянычтарын жок кылуу аракети (выбивание почвы из под ног) деп, түшүнсөк болот. Өлкөнүн келечегин ойлосо“Айкөл Ала-Тоо” уюму жогорудагы коррупциялык фактылар боюнча эмнеге билдирүү жасаган жок?! Учурунда Ысык-Көлдө Кытайдын бир топ уйгур жарандары чек араны бузуп киргенде биздин орус улутундагы бир патриот жараныбыз чек араны коргоп окко учканын билебиз, анын үй-бүлөсүнө компенсация бериш керек деп эмнеге айтышкан жок (өздөрү компенсация алууну унутушкан эмес), Ысык-Көлдө бир нече пансионат өрттөлдү, анда эмнеге ойлорун билдиришкен жок  бул уюмдун мүчөлөрү...?! Россияда мигрант болуп иштеп жүргөн кыздарыбыз өрт кырсыгынан каза болду, анда эмнеге кайдыгер болушту “Айкөл-Ала-Тоо” айкөлдүгүн билгизишпей.“Ункүр Тоо”резонанстуу маселе боюнча үн катышкан эмес. Деги эле патриоттуулуктун кайсыл үлгүсүн көрсөткөндүгүн мисал келтирүү кыйын. Россияда “Народный Фронт” деген бийлик эсептешкен уюм бар экенин билебиз. Патриоттуулуктун үлгүсүн көрсөтүп, коррупция менен күрөшүүдө фактылар менен, “ийне-жибине” чейин териштирип, бийликке “колуна кол- бутуна бут” болуп келе жатканын билебиз.Сөз бергенсиң деп айтсак, бийликтеги далайлар бүгүн бирди эртең башканы айтып жатышпайбы (өздөрүнүн компетенциясындагы) маселелер боюнча. Ошондуктан коомдун өнугуусү болбой(шаг вперед- два шага назад) жатат.Ооз толтура убадаларды беришет, “эшек суудан өткөнчө” эртеңки күнү  унутушат, буга мисалдар толтура...! Мындайга кеменгер Кыргыз Эли көнүп калбадыкпы...! Учурунда 2012жылы президенттикке аттанып жатып экс-ажобуз А.Ш.Атамбаев шайлоо кампания учурунда Ысык-Көлдө айтканы бар: “Нур Акеге чөгөлөсөм да, Каркыраны кайтарам”, деп... . Анда эмне экс-ажобуздан сөз бердиң эле деп, талап кылабызбы...?Мээрбек инибиз, Революцияны жалпы Кыргыз Эли ишке ашырды, жалаң “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун мүчөлөрү эмес. Буйруган компенсация жана башка жеңилдиктерден Силердин уюмдун мүчөлөрү толук пайдаландыңар, тобо деш керек. Мамлекетке тынччылык, стабилдүүлүк керек. “Байдын ашын-байкуш кызганып” эмес, Таластан башталган бардык нерсе, моюнга алыш керек...! “Акыйкат”кыймылынын мүчөлөрү 6-7апрелге чейин эле “БЭК” кыймылына биригип (ар кайсыл партиянын мүчөлөрү), даярдык учурунда далай запкыларга туруштук берип, чыдап келгенбиз (күч структураларынын кызматкерлери күбө)...!Биздин уюмдун мүчөлөрүнүн арасында да жаракат алгандар бар, бирок ушул күнгө чейин мамлекеттен квартира эмес, үй салганга (өзгөчө салымы барларга) участок алып бере алган жокпуз, Бишкек шаарынын мэриясына чейин кайрылганыбыз эске алынган жок.Себеби “ляппайдан” алыс болуп, калыстык пикирден тайбадык...! Эртеңки 7-апрель күнүнө карата КСДП 10 миң адам менен аянтта жөө жүрүш жасайт экен деген маалымат болуп жатат ММКларда. Мамлекеттик деңгээлде иш- чара пландалып эскерүү болуп жатса КСДПнын бул кадамын кандай түшүнсө болот, дестабилизацияга жол ачпайбы деген, суроо туулат...?!КСДП пиарга муктаж эмес.Бул партиянын ичинде Эл үчүн кызмат кылган татыктуу инсандар аз эмес. Шаан-шөкөттөн мурда стабилдүүлүк сактаганга салым кошпойлубу...!

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Акырында айтаарыбыз былтыр Апрель Революциясынын жети жылдык юбилейине карата “Акыйкат” кыймылынынөзгөчө татыктуу инсандарына Мамлекеттик сыйлык, тагыраак айтканда “Ардак Грамота” берилүүсүнө сунуш берген элек, бала-чакабызга тарых болсун деп. Тилекке каршы ошол алакандай баракты да Бизге ыраа көрүшпөй, бийликтин ортоңку эшелонунда бюрократиялык тоскоолдуктар болуп, өткүзбөй коюшкан. Быйыл да бул көрүнүш кайталанганы өкүнүчтүү.“Жаман айтпай-жакшы жок” демекчи, кокусунан Революция ишке ашпай калса, алдыбыздын “баштарыбыз” кетип, артыбыз 20 жылдан кесилмекпиз да. Кечээги да, бүгүнкү да бийликтин келишине биздин уюмдун мүчөлөрүнүн опол-тоодой салымы зор, буга тарых күбө...! Белгилей кетчү нерсе, биздин уюмдун мүчөлөрүнүн арасында да “случайный” эмес, Элдин ичинде кадыр-баркка ээ, билимдүү, профессионал, коррупцияга аёсуз пикирин билдирген, мамлекет үчүн иштеп, күч бере турган кадрлар жок эмес. Кошомат кыла албаган, “ляппайдан” алыс болгон үчүн мамлекеттик кызмат мындай инсандарга буйрубай жатат окшойт...! Бүгүн бир партиянын, эртең башка партиянын терисин жамынышып, өзүнүн пикири жоктор толтура жүрүшпөйбү бийлик эшелонунда, же бийликке жалаң “марионеткалар” керекпи...? ӨЗҮҢҮЗ айткандай: “Кызматка келгенге эмес, эртең кызматтан жарык жүз менен кетип, Элдин ичинде бейкапар жашоо өткөзүү” бул жетишкендик эмеспи.Бүгүн толтура убадаларды берип, эртең алар үчүн Элдин алдында жооп берүү оор иш экенин унутпасак. Акырында айтылуу Апендинин жоруктарынан үзүндү келтирип коюну туура көрдүк: “Апенди Эмирден 20 жыл убакыт бер, эшекти сүйлөтүп берем деп, миң  дилде  алат экен. Үйүнө келсе, Эмир Сенин башыңды алат деп, аялы чыркырайт дейт. Эмне мынчалык күйүп- бышып жатасың десе, качан эшек адамча сүйлөчү эле дейт, аялы. Анда Апенди камырабай: “Ой балдардын апасы, жыйырма жылда ким бар да-ким жок, жыйырма жылда же эшек өлөт, же Эмир өлөт, же Мен өлөм”деген экен. Анын сыңарындай 20жылдык, 40жылдык программалар эмес, кыска мөөнөттүү реалдуу проектилерди түзүп, ишке ашыруу кажет. Коом саясатташып калган учур, объективдүү реформаларга муктаж, “упчу эмизүүгө” канааттанбайт...!(Бул ой-пикирдин башталышы деп тураалы...).

Элдик Революциясынын “АКЫЙКАТ" кыймылынын төрагасы:  Асылбек Анарбаев (Умар)

23 март 2018ж. Талас облусу

Молдобеков Эсенгелди                                Жанкорозов Рыскулбек

Үлушбекова Диля                                           Каработоев Жанат

Эралиева Азима                                            Сулайманов Токтоназар

Бапышов Сатканкул                                     Бердигулов Орозбек

Акылбеков Эркинбек                                    Кишенбаев Төрөбек

Наралиев Төлөгөн жана башкалар... .

Булак: NazarNews.kg

Последние новости