www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн жетинчи чакырылыштын депутаттары ант берет

Бүгүн Жогорку Кеңештин VII-чакырылышына шайланган депутаттар ант берет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бир күн мурун БШК добуш берүүнүн жыйынтыгын бекиткен. Жогорку Соттун чечимдеринин аткарылышына байланыштуу Чүй-Кемин шайлоо округунан Медербек Саккараев менен «Альянс» партиясынын тизмеси боюнча талапкер Жанар Акаев мандат алышты.

Эске салсак, парламентке алты партия өткөн:

«Ата Журт Кыргызстан» (15 мандат, анын бешөө аялдарга ыйгарылат);

Ишеним (12 мандат, анын 4ү аялдарга);

Ынтымак (9 орун, анын ичинен 3 орун аялдарга берилет);

Альянс (7 орун, аялдар 2 орун алат);

«Бүтүн Кыргызстан» (6 мандат, анын 2си аялдарга берилген);

«Ыйман нуру» (5 мандат, ошондой эле 2 мандат аялдарга берилет).

Аларга 1 миллион сом шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет. Борбордук шайлоо комиссиясы башкаруунун автоматташтырылган системасынан алынган маалыматтар менен кол жана контролдук кайра эсептөөлөрдүн маалыматтары дээрлик бирдей экенин белгиледи.

Ошондой эле, бир мандаттуу 34 шайлоо округу боюнча жеңип чыккандар депутат болот. Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондорунда 27-февралда кайра шайлоо өтөт. Ал жерде 28-ноябрда “бардыгына каршы” добуш бергендер жеңип, шайлоо жыйынтыгы жараксыз деп табылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости