www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коллежде диний китептерди мажбурлап окутуу факты катталды

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Шопоков шаарындагы коллежде мугалимдер диний китептерди мажбурлап окутуп жаткандыгы туурасында келлеждин студенттери социалдык тармактар аркылуу айтып чыгышты.

Мунун алдында өздөрүн Шопоков шаарындагы билим берүү коллежинин студенттери деп тааныштырган жаштардын тобу аларга айрым мугалимдер диний китептерди мажбурлап окутуп жатканын билдирип чыккан. Интернетте тараган видео кайрылууда алар бул көрүнүштү токтотууну өтүнгөн.

Мындай маалымат облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына да келип түшкөн. Аталган кызмат бул факт тууралуу 28-декабрда маалымат таркатты. Милициянын маалыматына караганда, студенттердин кайрылуусу боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Бул факт Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан катталып, ар тараптуу териштирүү иштери башталганы кабарланды.

Кыргызстан мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган өлкө экени Конституциянын 1-беренесинде жазылган. Республикада дин тут кан калктын 80% ашууну ислам динин карманат. Өлкө саясатына диний уюмдардын жана ишмерлердин аралашуусуна тыюу салынган.

Азыр Кыргызстанда 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Жалпысынан, өлкөдө 3 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Христиан багытындагылардын саны 399, калгандары башка диндердин өкүлдөрү. 

Булак: NazarNews

Последние новости