www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 513,1 миң улгайган жарандар жашайт

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө 15-сентябрдан 15-октябрга чейин “Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук” аттуу бир айлык өтүп жаткандыгын маалымдайт. Бул тууралуу КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, бир айлыктын алкагында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары улгайган жарандарга кошумча даректүү социалдык колдоо жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча максаттуу иш-чараларды жүргүзүшөт.  

Министрлик бир айлыктын алкагында өткөрүлө турган иш-чараларда короновирустук инфекциясы (COVID-19) пайда болуу коркунучун алдын алуу үчүн санитардык-эпидемиологиялык чараларды сактоо менен жүргүзүлүшү керектигин белгилейт.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө 513,1 миң улгайган жарандар жашайт, бул республиканын жалпы калкынын 8,0% түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости