www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо  министрлигинин  басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Ош облусунун координатору Шаятбек Абдурахмановдун айтымында, курулуш графикке ылайык жүрүп жатат, подрядчик фундамент, пол устун, темир-конструкциялык стеллаждарды, устундарды жана фермаларды орнотуу иштерин жүргүздү. Ички жылуулук тутумдары, суу менен камсыздоо жана канализация орнотулду. Чатырларды жабуу, бөлүктөрдү жана терезе блокторун орнотуу иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле, министр Ноокат аймактык ооруканасында болуп, анда эмгектенген кесиптештери менен калкка медициналык жардам көрсөтүүдөгү көйгөйлөрдү жана ийгиликтерди талкуулады, электрондук саламаттыкты сактоо канчалык ийгиликтүү киргизилип жаткандыгы менен таанышты.

«Белгилей кетүүчү нерсе, ооруканада санариптештирүү боюнча олуттуу иштер жүргүзүлүп, медициналык жабдыктар сатылып алынып, аймакты жакшыртуу иштери жүрүп жатат. Саламаттыкты сактоо уюмунун талаптагыдай абалда кармалышы түздөн-түз жетекчиликтен көз каранды, мен оорукананын кызматкерлеринин бирдиктүү болушун, ошондой эле бейтаптарды сапаттуу кабыл алууга жана дарылоого өзгөчө көңүл бурулушун каалайм», – деди министр жолугушуунун аягында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости