www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомдук телерадиоберүү корпорациясы кимдир бирөөлөрдүн туулган күндөрү менен куттуктоо сындуу майда-барат нерселерди көрсөтө берип, акчаны туура эмес жумшап жатат. Бул туралуу депутат Мурадыл Мадеминов Жогорку Кеӊеште КТРКнын 2017-жылдагы иши жөнүндө Байкоочу кеңештин отчету угулуп жатканда билдирди.
Депутаттын айтымында, коом турмушунда экономикалык, социалдык, стратегиялык мааниге ээ болгон көптөгөн маанилүү маселелер бар, тилекке каршы, алар көӊүл сыртында калууда. "Менимче, КТРК ошолорго басым жасашы керек эле. Бул багытта бир катар телеканалдар КТРКга салыштырмалуу кыйла жакшы иштеп жатат. Байкоочу кеңеш муну көзөмөлгө алышы керек», - деп кошумчалады Мурадыл Мадеминов.
Депутаттын пикирине жооп катары, КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков эл аралык уюмдар жыл сайын калк арасында сурамжылоолор менен мониторингдерди жүргүзүп турарын эске салып, иликтөөлөрдүн жыйынтыгы КТРК алдыӊкы орунда келатканын көрсөткөнүн билдирди. «Куттуктоолор прайм-тайм маалында көрсөтүлбөйт, бирок алар дагы керек. Алыскы аймактарда жашаган көрүүчүлөр өз куттуктоолорун жөнөтүп, аларды угузуп коюуну суранышууда. Ошондон улам, куттуктоолор көбүнесе оюн-шоок программаларында көртүлүүдө», - деген жообун берди.
Кожобек Рыспаев, жыйындын жүрүшүндө тилдерге көңүл бурууну айтып, “меням-сеням, атыры-жатыры” деп, сүйлөп жатышат. Ырчылардын ырдаган ырына түшүнбөйсүң, ушуларга кылдаттык менен мамиле кылууну КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековдон өтүндү.
Тилекке каршы, Жогорку Кеӊеште КТРКнын 2017-жылдагы иши жөнүндө Байкоочу кеңештин отчету угулуп жатканда Жогорку Кеңештин эл өкүлдөрүн, ЖК спикери Дастан Жумабеков бир нече жолу депуттарды тынчтандырды.
Кыязы, “тынчтангыла” деп, бир нече жолу эскертүү алынган эл өкүлдөрү, “курттап” калганбы айтор, бүгүнкү жыйынды "Ош базары" кылды.
Булак: NazarNews.kg