www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Регионализм, жетишет!

Бүгүн, 6-июнда Бишкекте, “Достук” мейманканасында улутман коомдук-саясий топтордун, уюмдардын, коомдук ишмерлердин жана жеке инсандардын чакан жыйыны болуп өттү. Мындай жыйындын өткөрүү боюнча демилге кылган 5 уюм болгон. Болуп өткөн жыйында бир топ көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Ал эми жыйындын эң негизги талкууга алынган маселе, регионализм маселеси болду. Баяндамачылар менен катышуучулардын бул көйгөй боюнча көз караштарын окшош болуп, дал келишин байкадык. Катышуучулардын арасындагы, улуусу менен кичүүсү дагы соңку мезгилдерде регионализмдик, кокту-коктуга бөлүнүүлөр мамлекеттин туруктуулугуна зыян келтирерин, өлкөнү, элди чоң чырга алып келээрин баса белгилеп кетишти.

Жалпысынан жана жыйынтыктап айтканда, жыйындын катышуучулары, коомчулукту, кыргыздарды ар түрлүү чакырыктарга, бөлүнүп-жарылууларга алданбайлы, андай пас көрүнүштөргө жол бербейли деген тилектеш ойго келишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости