www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент, КСДП партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев партия мүчөлөрү Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовду камакка алуу туурлуу чечим коррупция менен күрөшүү эмес деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн тараткан билдирүүсүндө айтылат. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

“Бажыдагы уурулуктун масштабдарын ачып көрсөткөн мамлекеттик ишмерлерди камакка алуу туурасындагы кечээки чечим, бул иш жүзүндө бажы кызматынын көмүскөй кардиналы катары белгилүү “Раим-миллиондун” бийликтеги достору, колдоочулары тарабынан болуп жаткан өч алуу. Исаковду, Кулматовду эптеп бир шылтоо таап, камоо милдети коюлганын көрүп турам. Алар тергөө тарабынан коюлуп жаткан айыптоолордун негизин түзгөн чечимдерди өз алдынча кабыл алууга ыйгарым укуктары болбогонун расмий түрдө билдирем. КСДПнын активдүү башка мүчөлөрүн, анын ичинде Жалал-Абад шаарынын экс-мэри С.А. Авазовду жана Жогорку Кеңештин депутаты О.М. Артыкбаевди куугунтукка алууну да негизсиз деп эсептейм. Коррупцияга каршы кызматтын учурдагы директору сыяктуу элпек достору өлкө президенти С.Ш. Жээнбековду опуртал жолго түртүп жатышат. Мен ага өзүнө мурун эскерткен элем, а ушул жылдын мартында дагы бир жолу өзүмдүн маалымат жыйынымда айтканга аргасыз болдум" деп айтылат Атамбаевдин билдирүүсүндө.

Президенттик аппарат Атамбаевдин бул билдирүүсүнө байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Быйыл 26-январда Бишкектеги Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария болуп, -20 градустан ашкан суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган ЖЭБге карата сын пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен иш козгоп, УКМК тергөө баштаган.

Бүгүнкү күнгө карата бул иш боюнча Энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов, Жалал-абаддын экс-мэри Салайдин Авазов, "Электр станцияларынын" башчысы жана орун басарлары УКМКнын тергөө абагында камакта жатышат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости