www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмокто адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча прокурордун жардамчысы толук акталып чыкты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Токмок шаардык соту 31-майда айыпталуучу Данияр Сейталиевдин кылмыш иши боюнча өкүмүн чыгарып, аны толук актады.

Эске салсак, 2017-жылдын 17-июлдан 18-июлга караган түнү Токмок шаарына жакын жерде жол кырсыгы катталган. Анда «Хонда Стрим» жана «Тойота Корона» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, биринчи унаанын айдоочусу ооруканада каза болгон.

Ал эми экинчи унаада Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокурорунун жардамчысы Данияр Сейталиев болгон. Айрым маалыматтарга караганда, ал мас абалда унаа башкарган жана анын унаасынан 25 кылмыш иши табылган.

Последние новости