www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир кезде үлкөн кызматтарды жонуна чымчыктай кондурган, кополдугунан зоболосун “тас жоруларга” жондурган, кызматтын касиетин сойдурган Дүйшөнбек Зилалиев деген оңбогур чыкты. Шайтан тилинен тартып, азгырганда эч нерсеге ээ боло албай оозун кере сүйлөдү бир секелек курсант кызга тийишип. Анысы кептин чордонуна түшүнбөй “командирине” доклад жасады, тигил крутой машинедеги олбурлуу киши “бомба” жарылат деп чуу койду деп. Анан көрүп ал тамашаны, заматта “тревога” жандандырылып, бат эле “каарманды” табышты. Көрсө дөөдүрөгөн кептин автору Зилалиев экен. Ушундай “циркти” президент ант берчү күндө чыгарганы албетте, Дүкөнү көп машакатка кептеди.

Ошентип жети айдан бери чуулгандуу “бомба” иши бүтпөйт. Улам тергөөчүлөр тигини эрмектеп кайра кое беришет. Ушуну байкаган тамашакөйчүлөр бир канча жолу “бомба” коюлду деп келекеге алышты, күч түзүмдөрүн убайрамга салышты. Алардан деле майнап чыга элек. Сыныктан башкасы жугуштуу экенин нагынан билдик. Тилекке каршы биздин “сары изге” чөп салчулар негедир болбогон бир иштин аныгына чыга албай коомчулук тараптан сынга алынган кези. “Бомба” чырына деги качан чекит коюлат? Же эрмектегенди жакшы көргөн тергөөчүнүн колуна иш тийди беле? Эмнеси болсо да Зилалиевдин өнөрү “алтын фонддо” калат шекилди…

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости