www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-ноябрда Улуттук илимдер академиясында Конститиуцялык кеңештин жыйыны орун алды. Бирок 1 сааттан ашык убакыт бою кеңешменин мүчөлөрү жыйынды баштай алган жок.

Буга айрым мүчөлөрдүн Конституциянын жаңы редакциясын сунуштаган автор ким жана ал дагы жыйынга катышсын деген талаптары себеп болду. Мындан улам жыйын токтотулуп, дүйшөмбү күнгө калтырылды.

Жыйында кеңешменин мүчөлөрү “Мамлекеттик Конституциялык түзүлүштүн негиздери”, “Адам укуктары, эркиндиги жана милдеттери” жана “Мамлекеттик бийликтин органдары” деген 3 секцияда талкуу кылышмак. 20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүү боюнча жарлыкка кол койду. Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар кирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости