www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши" коомдук бирикмеси жана “Таза Кыргызстан үчүн” жаштардын платформасы өз демилгелери менен телефондон социологиялык сурамжылоо жүргүзгөн. Изилдөөнүн максаты кыргызстандыктардын бийликтин уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү үчүн жасалып жаткан чараларын аныктоо болгон.  

Сурамжылоо көрсөткөндөй өлкөнүн ар бир жараны (9,9%) УКТ тарабынан криминалдык кодулоого дуушар болгон. Ошол эле учурда аялдарга (7,4%) караганда эркектер (12,6%) мындай кырдаалга көп тушугат.

Жарандардын 86,4%ы президенттин м.а. Садыр Жапаровдун уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү (УКТ) демилгесин колдойт. Ал эми кыргызстандыктардын 96,3%ы мыйзамсыз алынган каражаттарды өлкөнүн бюджетине кайтарууну максаттуу деп эсептейт.

Изилдөө 2020-жылдын 8-ноябрынан 14-ноябрына чейин өлкөнүн ар бир облусунда жана Бишкек менен Ош шаарларында жүргүзүлгөн. Жалпы респонденттердин саны 6558 кишини түздү.

Эске салсак, Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга 17-ноябрда коюлган. Жарыялангандан кийин коомчулукта наазачылыктар пайда болду. Жаңы долбоорга ылайык, президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейип, ал аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алынат. Мамлекеттик башкарууга “Элдик курултай” деген жаңы институт киргизилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости