www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Токмок шаарында той-аштарды өткөрүү токтотулду. Токмок шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерге карабастан аймакта эпидемиологиялык абал кооптуу болууда.

Мындан улам муниципалитеттин коллегиясы санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, талаптарды аткарбаган кафе, ресторандардын, базарлардын, коомдук транспорттордун ишмердүүлүгүнө карата катуу чараларды көрүү чечимин кабыл алды.

“Курч респиратордук вирустук инфекция (ОРВИ) менен ооругандардын саны күндөн-күнгө өсүп жатат. Мындан улам коронавирус инфекциясын жуктуруп алуу коркунучу жаралууда. Өзгөчө коомдук жайларда санитардык талаптар аткарылбай, социалдык аралык сакталбай, бет кап тагынбай жатышат. Буга байланыштуу мэриянын коллегиясы санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды бузган учурда коомдук тамактануу жайларына, базарларга, транспортко карата катаал чараларды көрүүнү чечти. Шаардык ички иштер башкармалыгы менен биргеликте коомдук тамактануу жайларында, базарларда жана транспортто санитардык ченемдерди сактоо боюнча рейддерди өткөрүүнү күчөтүп, массалык иш-чараларды, юбилейлерди, эскерүү иш-чараларын өткөрүүнү токтотсун”, – деп айтылат маалыматта.

Өлкөдө илдет катталгандан бери Токмок шаары боюнча covid-19 илдети менен 82, пневмония менен 931 жаран жабыркаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости