www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдин добушун сатып алуу канткенде жоголот?

«Стабилдүүлүктү түбөлүк кылалы десек, анда Парламенттик шайлоонун өтүү босогосун 1%га түшүрүү керек», - деп эсептейт журналист Дайырбек Орунбеков. Мындай пикирин ал өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

«Парламенттик башкаруу десек деле депутаттар Президентке чөгөлөп берет, Президенттик башкаруу десек деле депутаттар президенттин сөзүн эки кылбайт. Эки жүздүүлөнбөй эле коелу

Андан көрө, Башмыйзамга сунуш берели. Стабилдүүлүктү түбөлүк кылалы десек, анда Парламенттик шайлоонун өтүү босогосун 1%га түшүрүү керек. Себеби, өтпөй калган партиялар көчөдө ызылдабай, аз болсо дагы өтүп, парламент ичинде кыйкырганы дурус. Бир мандаттуу шайлоонун коркунучу дагы бар, бир райондун байы эле өтүп келе берет. Партиялык тизме менен калса дейт элем. Ошондо көз карандысыз көп партия келип, депутаттардын таасири өсөт.

Премьер-министр деген ортомчулук кылган кызматтын жоюлушун эп көрдүм. Аткаруу бийлигин жана жоопкерчиликти Президент өзүнө алганы жакшы болот. Президенттин аппараты күчтүү болот.

Сот бийлиги көз каранды болуш үчүн, аны дагы эл шайлаш керек.

Мына ушунда 3 бийлик бутагы күчтүү болот, атаандаштык дагы жаралат, адилеттүүлүк орнойт. Мактаган буга чейинки система деле жыргап кеткен жок, депутаттар чимкирик атка конду. Тизмеге кириш үчүн акчасын берет, лидерге кошомат кылат. Өткөндөн кийин президентке артын тосот. Ошентип көз каранды парламент түзүлдү.

Депутат болуу мүмкүнчүлүгү арзандаганда- элдин добушун сатып алуу жоголот. Өз күчү менен өтүп келиш үчүн - босого 1% болсун. Бийлик, кресло барына жетет, көчөдө кыйкырган бекерчи оппозиция дагы жоголот. Урматтуу "никтолор" жана "никто" эместер, бир пикирге келгиле», - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости