www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Депутат Каныбек Иманалиев өлкөнүн кандай жашап жаткандыгына жана эмнелерди өндүрүп жаткандыгына көбүрөөк көңүл бурушу керек”, – деп Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин пресс-катчысы Адилет Султаналиев жеригикликтүү булактардын бирине пикирин билдирди.

Маалымат катчы депутаттын парламентте сүйлөгөн сөзүнө жооп берди.

“Депутат өз өлкөсүнүн экономикасынын түзүмүнө караганда коңшу Казакстандын экономикасын же чет өлкөлүк кесиптештеринин мыйзамдарын жакшыраак билсе керек. Балким, ал өз өлкөсүнүн кандай жашап жаткандыгына жана эмнелерди өндүргөнүнө көбүрөөк көңүл бурушу керектир. Бүгүнкү күндөн тартып, инструменттерди жасоочу “Дастан” заводу, “Джунда” мунайды кайра иштетүүчү заводу, нефть жана газ тармагынын баардык комплексин аткарган “Кыргызнефтегаз”, “Автомаш-Радиатор” машина куруу заводу жана Бишкек машина куруу заводу, эң ири Майлуу-Суу чырак заводунун жана бир катар ишканалардын ишине уруксат берилген. Ушундай объекттер, алардын жамааттары жана өндүрүштүк ишмердүүлүгү Нарын дарыясындагы мифтик крокодилдер эмес, алар чындыгында бар жана иштешет, жарандарды жумуш жана киреше менен камсыз кылышат”,- деди өкмөт башчынын маалымат катчысы.

Эске сала кетсек, кечээ, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат өкмөттү чечим даярдоодо этият болбой жатканы үчүн айыптаган.

“Жарлыктын биринчи пунктунда химия жана мунай-газ өнөр жайы, машина куруу, прибор жасоо иши башталат деп жаздыңыздар. Кыргызстанда машина куруу, прибор жасоо тармагы барбы? Жок дегенде, жарлыкты Казакстандын өкмөтүнүн жарлыгынан көчүрүп алганыңарды жашырыш керек болчу”,- деп депутат Каныбек Иманалиев айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости