www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги жарандык активист Адил Турдукуловду кепке тартып, айрым маселелер боюнча пикир алыштык.

--Адил мырза, карантинден кийин элдин жашоо турмушу баштагыдан өзгөрүшү мүмкүнбү?

--Албетте өзгөрөт. Биринчиден, карантинден кийин элдин жашоосу кескин түрдө оорлойт. Анткени, карантин бүтөөр менен экономика туруктуу өнүгүү ритмине түшө албайт. Анткени, орто жана чакан бизнестердин көпчүлүгү  кредит менен иштешет. Карантин бүтөр замат кредитин төлөй алышпайт. Мамлекет 2-3 айдан кийин төлөй турган кылса, банктарга жана микрофинансылык уюмдарга оорчулук түшөт. Экинчиден, мигранттардын акчасы да токтойт. Анткени, Россияда дагы абал оор. Ал жерде көптөгөн өндүрүш жана үй куруучулардын бизнеси да токтоп калган. Үчүнчүдөн, кытайдан  россияга ташылган товарлар да басаңдайт.

Төртүнчүдөн, Кыргызстанда өндүрүш жок. Көбүнүкү тейлөөчү иштер. Тагыраагы, кафе, ресторан, авто жуучу жайлар, салондор. Булардын ишмердүүлүгү элдин жашоо шартына ылайыкталган. Элде акча жок болсо, алардын да абалы оорлойт. Өкмөт болсо, донорлордон алган акчаны бюджетке салып, социалдык төлөмдөргө жумшоого аракет кылып жатат. Элде акчанын, тамак-аш тартыштыгынан  көйгөйлөр жаралат. Тагыраагы, жетишпеген турмуштун жаман жагы социалдык депрессияга, саясий чыңалууга алып келет. Элдин маанайы түшөт. Криминал күчөп, уюшкан кылмыштуу топтор өз ишмердүүлүгүн жасайт. Анткени, ишкерлер банкка төлөй турган каражатты караларга берип, алар менен байланышууга аргасыз болушат. Мына ушундай жагдай каралар менен болгон байланышты күчөтөт. Бир жарым жыл убакыт экономиканы кайра калыбына келтирүүгө жумшалат.  

--Атайын эсепке которулган каражаттар максаттуу пайдаланылып жатабы?

--Менин билишимче, атайын эсепке 100 миллиондон ашык каражат топтолду. Өзгөчө кырдаал  министри дары-дармекке, күйүүчү майга которулганын айтты. Ал каражат өтө чоң сумма болбогондуктан, уурдап же туура эмес максатта пайдаланылат дегенден алысмын. Бийлик элге ун тарата бербестен, жардамга муктаждарга минималдык суммадагы каражат төлөп берүүнү ойлонсо туура болмок. Экинчиси, коммуналдык төлөмдөрдү дагы өзгөчө кырдаал учурунда эсепке албай, жарандарга төлөбөөгө мүмкүнчүлүк берсе болот эле.

--Жогорку Кеңеш келген жардамдардын кайда эмнеге жумшалганын сурап, өкмөттөн отчёт алышы керекпи?

--Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери 10 миллиарддан ашык грант жана кредит алганбыз. Алар кумга сиңген суудай эле жок болуп кеткен. Көбүнөн эл пайда деле көргөн жок. Азыр да ири суммалар келди. Ал каражат өкмөттүн айтуусу боюнча бюджеттин тартыштыгына жана бизнести колдоого жумшалат экен. Макул бюджеттеги социалдык төлөмдөрдү төлөсүн. Бирок, канчасы бизнеске  кетээрин, кандай ишканаларга берилээрин көзөмөлдөшүбүз керек.

Булак: NazarNews.kg   

Последние новости