www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франция 50 жаштагы Коринн аттуу тургуну коронавирустун оор түрүн кантип жеңгендигин айтып бергенин чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Коринн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн медициналык-социалдык борборунун директору болуп эмгектенгени айтылат. Анын көз алдында борбордун камкордугундагы кары адамдардын көбү көз жумганы белгиленет.

“Андан кийин өзүм да оору жугузуп алганым аныкталды. Илдет абдан оор өттү. Бөйрөктөрүм иштебей калды, буга байланыштуу мени жасалма комага түшүрүүгө мажбур болушту. Эсиме келгенде кайра төрөлгөндөй эле болдум. Мен өзүм жашап кеткениме бир чети сүйүнсөм, бир чети таң калдым. Анткени менин мүмкүнчүлүгүм аз эле пайыз болгон. Комадан чыккандай кийин пюрелерди жеп жатам. Башында мага суу ичүүгө болбойт эле, кадимкидей бир кашык болсо дагы суу көзүмдөн учуп жатты. Андан кийин бир кашык минерал суусун беришти, ошондо жашоодо биз көңүл бурбаган, маани бербеген баалуулуктар майда, кол жеткен нерселерден башталарын түшүндүм.

Азырынча дарыгерлердин көзөмөлүндө болом. Анткени кекиртегимден дем алуумду жеңилдетиш үчүн кичинекей тешик ачышкан. Акыркы апталарда башымдан өткөргөн күндөр түбөлүккө эсте калат", - деген Коринн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости